Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:34

Венгрияда Кыргызстандын күндөрү болот


БИШКЕК. Июнь айынын аягында Венгриянын борбору Будапешт шаарында «Кыргызстандын Будапешттеги күндөрү» өткөрүлөт. Мындай маалыматты бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын басма сөз кызматы таратты. Ал маалыматка караганда, бул тууралуу Будапешттин мэри Габор Демски спикер Алтай Бөрүбаев жетектеген парламенттик делегациянын Венгриядагы иш сапары учурунда кабарлаган. Иш сапарынын учурунда спикер Алтай Бөрүбаев Кыргызстан Венгриянын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик-техникалык жабдууларын алууга ынтызар экенин билдирген. Анткени, Венгрия Түндүк-Атлантикалык Альянска мүчө болгондон кийин анын Куралдуу күчтөрү колдонуп келген мурунку үлгүдөгү курал-жарактары жараксыз болуп калган. Спикердин айтымында, ал куралдар эл аралык терроризм менен күрөшүүдө жана чек араны коргоодо Кыргызстан үчүн пайдаланууга жарайт.

XS
SM
MD
LG