Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:00

Премьер-министр Николай Танаев Ош облусунда болду


ОШ. Николай Танаев Ош облусуна Жалалабаддан кечээ кечке жуук өтүп келди. Адегенде ал Өзгөн районундагы Дупител, Жазы кыштакчаларынын тургундары көчүрүлүп жаткан жердеги жерпайы курулган үйлөргө ак тилек менен кыш коюп, андан кийин эл менен жолугушту. Дарыя ташкыны каптаганына байланыштуу Дупител, Жазы кыштакчаларынан буга чейин 20 үй көчүрүү тууралуу чечим кабыл алынган болсо, өкмөт башчысы акыбалы начар дагы 5 үйдүн көчүрүлүшүнө макулдук берип, ссуда маселесин чечмей болду. Бүгүн премьер-министр Алай районундагы жер көчкү жүргөн чөлкөмдөрдү кыдырды. Ал үч жерден көчкү бузуп, азыр таптакыр унаа каттабай калган Буудалык тараптагы жолду эртерек оңдоп-түзөөгө убада берди. Болбосо 4 миңдей адамга азык-түлүктүн жеткирилиши кыйын болуп, ачкачылык каптаганы турат. Премьер-министр Кызылтектир кыштакчасын толук көчүрүүнү, 38 үй-бүлөнүн ар бирине 200 миң сомдук ссуда берүүнү кубаттады. Николай Танаев ушул эле күнү Ош шаарына 2002-жылдын жыйынтыгы боюнча «Республикалык конкурстун жеңүүчүсү» деген диплом, 80 миң сом сыйлык тапшырды.

XS
SM
MD
LG