Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:44

Саясий партиялар жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышуу маселесин талкуулашты


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин имаратында Демократияны өнүктүрүү фонду жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого саясий партиялардын катышуусуна байланыштуу «тегерек стол» жыйынын өткөрдү. Ага ондон ашуун саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын жана бийлик органдарынын, Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү катышты. Жыйында Демократияны өнүктүрүү фондунун президенти Өмүрбек Текебаев сөз сүйлөп, жергиликтүү кеңештерге шайлоого саясий партиялардын партиялык тизме менен катышуусуна мүмкүнчүлүк берүү маселеси президенттин администрациясы менен макулдашылганын кабарлады. Андан кийин сөз сүйлөгөн президенттик администрациянын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков партиялардын саясий жактан активдешүүсү колдоого алынаарын, ал эми алардын жергиликтүү кеңештерге шайлоого партиялык тизме менен катышуусу үчүн мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керектигин билдирди. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо күз айларында өткөрүлөөрү белгиленген. Ошондуктан айрым саясий партиялардын өкүлдөрү «тегерек стол» жыйынында бул сунуш кечигип калганын айтышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG