Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:29

Кыргызстан өз аймагы аркылуу Ооганстанга гумжардам өтүшүнө кызыкдар


БИШКЕК. Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аткаруу комитети Ооганстанга гуманитардык жүктөрдү Кыргызстан аркылуу эмес, Тажикстан аркылуу ташууга ниеттенүүдө. Мындай маалыматты 2-июнда centran.ru Интернет-гезити таратты. Ал маалыматка караганда, БУУнун жогоруда аталган программасы бул боюнча акыркы маалыматты Тажикстан аркылуу Ооганстанга кетчү жол оңдолуп бүтөөрү менен жарыя кылат. Ал эми кыргыз президентинин Ооганстанга гуманитардык жардам көрсөтүү иштери боюнча атайын өкүлү Жоомарт Оторбаевден бүгүн алынган маалыматка караганда, бул маселенин качан жана кандай чечилээри али белгисиз. Анткени, кыргыз өкмөтү БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын президентине май айынын башында кат жөнөтүп, анда Ооганстанга гуманитардык жардамдарды Кыргызстан аркылуу ташуу алда канча арзан жана жеңил экендигин кабарлаган. Жоомарт Оторбаев бул тууралуу программанын вице-президенти менен быйыл февраль айында Рим конференциясынын учурунда да сүйлөшкөн.

XS
SM
MD
LG