Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:34

Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш шейшемби күнү Египетте арап лидерлери менен жолугуп, Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча эл аралык планды жана аны жүзөгө ашыруу жолдорун талкуулады. Саммиттен кийин Буш региондун проблемасын чечүүнүн бир гана жолу бар – Израил менен жанаша жашаган баракат палестин мамлекети болууга тийиш деп билдирди. Шаршемби күнү Буш Иорданияда Израилдин кабинет башчысы Ариэл Шарон жана палестин премьери Махмуд Абас менен үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Египеттеги жыйын белгиленген убакыттан эки саатка кечигип башталды. Жорж Буш менен мисирлик президент Хосни Мубарактын сүйлөшүүлөрү кыйла создугуп барып бүттү. Мындан тышкары Буштун өтүнүчү боюнча жыйынга чакырылган арап лидерлеринин ар бири саммит ачылардан мурда америкалык президент менен өз-өзүнчө сүйлөшүп чыгышты. Натыйжада саммит бар болгону жарым саатка гана созулду. Мунун баарын байкоочулар тараптардын ортосунда пикир келишпеген маселелердин көптүгүн ырастаган ишке жорушту.

Жыйынга Иорданиянын жана Бахрейндин падышалары, сауд арапстандык мураскер ханзаада жана палестин өкмөт башчысы катышты. Президент Буш Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды жөнгө салуунун бир гана жолу бар деп билдирди. Бул үчүн Израил менен бирге катарлаш палестин мамлекети да болууга тийиш. Бизге баракат жана мамырчылыкта жашаган палестин мамлекети керек, деп айтты Буш. Америкалык администрация жана буга кызыкдар тараптардын баары ушул кыялды ишке ашыруу максатында биргелешип аракет кылышмакчы. Жалпы дүйнөнүн жана бүткүл Жакынкы Чыгыштагы элдердин бул үмүтүн кыйрытканга жанкечтилер менен чогоол күчтөргө мүмкүндүк берүүгө болбойт, деп улантты Буш. Бейпилдикке жетүү үчүн, Буштун сөздөрү боюнча, эки тарап тең эпке келиши керек. Израил оккупацияланган аймактардагы жөөт маалаларынын проблемасын чечүүгө тийиш. Палестиналыктар өз үй, өлөң мекени деп атагыдай бирдиктүү территорияга ээ болушу абзел. Арап лидерлерин Буш террористтерди финансылык колдоодон ажыратуу үчүн чечкиндүү чараларды көргөнгө чакырды. Мындай убадалар мурда да эчен курдай айтылган, бирок Буш бул жагынан али олуттуу натыйжалар чыга элек деп эсептейт.

Шейшембидеги жыйында тараптар биргелешкен корутунду билдирүү кабыл алмак болгон эле. Бирок саммиттен кийинки пресс-конференцияда Буш менен Мубарак эки башка билдирүү жасашты. Арап лидерлери палестин-жөөт мамилелерин жөнгө салуу боюнча “Жол картасы” деп аталган эл аралык планга толук колдоо көрсөтүштү, Буштун региондо эркин соода зонасын түзүү жөнүндөгү сунушун да жактырышты. Саммитке катышкандар терроризмдин ар кандай формасын чечкиндүү айыпташып, аталган проблема боюнча атайын эл аралык конференция чакыруу зарылдыгын ырасташты. Буштун билдирүүсүндө ушул жана башка позициялар ырасталды.

“Жол картасы” планын Буш эми шаршемби күнү Иорданияда Израил премьери Ариэл Шарон жана палестин кабинет башчысы Абу Мазен менен талкуулайт. Регионго арачылык миссияга аттанып жатып, Буш араздашкан тараптарды алеки саатта жараштыра салганга болбой тургандыгын эскерткен эле. Анын үстүнө Ирактагы согуштан кийин арап дүйнөсүндө Вашингтондун саясатына нааразы болгондор алысындап көбөйүп кетти. Муну Египеттеги жыйын маалында да арап лидерлери ачык туйдурушту. Буга карабастан Буш региондогу жаңжалды басканга белсенип киришерин жана ага канча мезгил талап кылынса, ошончо убактысын сарп кылганга даяр экендигин ырастады. Региондогу жагдайды жөнгө салууда жакшы натыйжаларга жетишерине үмүткөр экендигин билдирип, прогресстин чыйыры ушу тапта эле көзгө көрүнө баштады, деп белгиледи Буш.

Иорданиядагы саммит алдында Израил жүзгө жакын палестин тургунун түрмөдөн чыгарды. Алардын көпчүлүгү палестин аймактарындагы аскердик рейддердин маалында кармалып,камакта жатышкан эле. Андан бир күн мурда жөөт кабинети Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун жогорку даражалуу өкүлүн да абактан чыгарган эле.
XS
SM
MD
LG