Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:25

АГАХАН ФОНДУ МЕНЕН КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮНҮН МАКУЛДАШУУСУ КАЙЧЫ ПИКИРЛЕРДИ ЖАРАТСА ДА, РАТИФИКАЦИЯДАН ӨТТҮ


Сапар Орозбаков, Бишкек 3 күнгө созулган талкуудан кийин 3-июнда Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары «Кыргыз өкмөтү менен Агахан фондунун ортосундагы экономикалык кызматташтык боюнча макулдашууну» ратификациялоо жөнүндө чечим кабыл алышты.

Келишимде Агахан фонду өлкөдөгү иштебей токтоп турган ишканаларды өзүнө алып, ага инвестиция таап, иштетээри айтылат. Депутаттарга түшүндүрмө берген финансы министринин орун басары Эмирлан Төрөмырзаевдин айтуусу боюнча, фондго: бир кезде кредит алып, төлөп бере албай калган, минералдык суу жана бөбөктөрдүн тамагын жасап чыгарчу «Жибек жолу», дары-дармек жасап чыгарчу «Айдан-фарма», кийим-кече жасап чыгарчу «Жылдыз-шпарта» өңдүү банкрот абалындагы ишканалар өткөрүлүп берилет. Бирок келишимдин өзүндө конкреттүү ишканалардын аттары аталган эмес. Анда тек гана «инвестиция салынуучу тармактар» деп экономиканын тармактарынын дээрлик баары саналып өтөт. 3 күнгө созулган талкууда келишимде көп мүчүлүштүктөр жана Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбеген жерлер бар экени айтылды.

- Агаханга эксклюзивдик укук гана эмес, салык жагынан «бейиш» берип жатабыз. Эгерде мындай «бейиш» биздин ишкерлерге берилсе, Агахан таап келе турган акчаны ошолор деле таап келишмек. Мына, 5-беренесин карайлы. «Банк ишмердигин, камсыздандыруу ишмердигин жүргүзөт» дейт. Эгерде ал түзгөн банк 7 жыл бою салыктын бардык түрүнөн бошотулса, Кыргызстандын бир дагы банкы ага атаандаш боло албайт. Кызматы арзан болот. Проценти да ошого жараша арзан болот. 7 жылдын ичинде биздин банктар жок болушат, - деди Өмүрбек Текебаев.

- Бүт эле салыктан бошотуп койдук. «Мына бул иштерди жасайбыз, мына бул заводдорду курабыз» деген конкреттүү долбоорлор жок. Канча акча келээри да көрсөтүлгөн эмес. Мен мындай долбоорго каршымын. Себеби, фонд мындай келишимди Кыргызстандан алып алып, дүйнөлүк масштабда кызыл кулактык кылышы мүмкүн. Саясий жагы да болушу мүмкүн. Мен мындай бүдөмүк келишимге каршымын, - деди Замирбек Парманкулов.

Депутаттардын каршылыгын туудурган дагы бир нерсе - Агахан фондунун жана ал түзгөн ишканалардын кызматкерлерине бериле турган статус жана кол тийбестик иммунитети болду.

- Өзүңүздөр эле карап көрүңүздөрчү – биерде «фонддун директорлорунун баары, орун басарлары жана расмий адамдар сотто каралбайт» деп жазылып турат. Ошол эле учурда, ушул эле бөлүмдө «Кыргызстандын жараны болгон кызматкер сот процессинде каралат» дейт. Эмне үчүн булар тең эмес? Конституциядагы «мыйзам алдында адамдардын баары тең укуктуу» деген принцип кайда? Өкмөт 12 жылдан бери экономиканы көтөрө албагандан кийин, аргасы кеткенден кийин, «мобу артыкчылыктарды жана иммунитетти ал дагы, биздин экономиканы көтөр» деп берип жаткан бир документ деп эсептейм, - деди Азимбек Бекназаров. Талкууда келишимди колдоорун 2 гана депутат билдирди. Алар Марат Султанов жана Бакыт Керимбеков эле.

- Менин Агахан фондун колдогон себебим – Баткен окуясында да, Өзгөндөгү кырсыкта да, Каратейитте да алар жардам беришти. Абдан көп жардам берип жатышты. Биз айттык: «Гуманитардык жагы жакшы, эми экономикага да жардам бергиле», - деп. Алар айтып жатышат: «Макул, жардам берели, жакшы иштеп жаткан ишкананы алсак, бүт салыкты төлөйлү. Ал эми иштебей жаткан, банкрот ишканалар болсо, аларды алып көтөрөлү, бирок бизге анча-мынча жеңилдик бергиле», - деп. Кандай жеңилдик сурап жатышат? «Банкрот ишканаларды оңдоп, ишке киргизгенге чейин, НДС жана импорттук алымдардан бошото тургула» дешет, - деди Марат Султанов.

Депутаттардын көпчүлүгү каршы болуп туруп алгандыктан, биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов талкуунун 2-күнүндө талкууну 1 жума кийин - Агахан фондунун өкүлдөрү келгенге чейин токтото турууну өтүнүп, депутаттарга кайрылды. Бирок депутаттар талкууну токтотушкан жок. Шейшемби күнү маселени добушка сала келгенде, 33 депутат макул болуп, келишим ратификациядан өтүп кетти.
XS
SM
MD
LG