Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:05

Кыргыз эстрадасынын түбүн түптөшүп, кышын коюшкандардын бири – ырчы, аткаруучу, обончу, акын Шамшыбек Өтөбаев. Ал өткөн кылымдын 70-жылдарынан тартып, азыркы күнгө чейин сахнанын төрүнөн түшпөй, жүрөктөн кирип, бойду алган аргендей үнү менен угармандарды асылдык ырахатына бөлөп келет.

«Ар гүлдүн жыты ар башка» дегендей, Шамшыбектин да улуттук эстрадада өзүнчө изи, аткаруучулук чеберчилиги, чыгармачылык жүзү, салган салымы, кошкон кошуму бар. Кезегинде Шамшыбектин мукамдуу үнү Кыргызстан, КМШ эле эмес, Болгария, Куба, Сирия, Франция, Монголия, Түркия ж.б. көптөгөн чет өлкөлөрдө да жаңырат. Бейтааныш угуучуларга ал кыргыз композиторлорунун, обончуларынын жана өзүнүн терең маңыздагы, кайталангыс улуттук өзгөчөлүктөрү ырларын тартуулайт.

Белгилүү шайырдын шык учкуну ойносо оюнга, күлсө күлкүгө тойбогон балалыктын бактылуу күндөрүнөн жанат. Залкар шайырлардын чордону делген Токтогул районунун Үчтерек айылынын шайырларынын ырдаган ырлары, чертилген күүлөрү, айрыкча таенеси Саткындын айткан жомоктору, таңдайынан чаң чыгара саймедиреген чечендиги, уламалуу санжырачылыгы, уккандардын сай-сөөгүн сыздаткан кошокчулугу, ырдаган ырлары Шамшыбектин болочоктогу жаркын шыгына угут болот.

- Шамшыбек мырза, кесибиңиз боюнча архитектор-курулушчусуз. Сиздин обон чыгарып, ыр жазып, ырдап калышыңызга эмнелер себепчи болду?

- Ырчылык негизинен менин табиятымда эле болсо керек деп ойлойм. Бала кезимден эле ырга кызыкчумун. Эр жеткенден бери аккордеон тарта баштадым. Ырысбай байкеден кийин ырдайм деген уландардын баарысы аккордеон асынып чыктык. Мандолин, гитара да чертчүмүн. Бирок, атам партиялык кызматкер болгондуктан, «артист болбойсуң» деген сөзүнөн кийин көпкө ырдабай, ачыка чыга албай жүрдүм. Орто мектепти алтын медаль менен бүттүм. Политехникалык институтка кирдим. Ал кезде 60-жылдары инженерлик кесип абдан барктуу эле. 1968-жылы институттун курулуш факультетинде окуп калдым. Жайкы каникулда курулушчулардын отрядында жүргөндө, жолдошторумдун арасында ырдай баштадым. Бир күнү сабакта отурсак деканыбыз Савельев бир киши менен кирип келди. «Араңарда кимиңер ырдайсыңар?» - деди эле, балдар мени көрсөтүштү. «Мен ырдабайм», - десем: «Стипендия алгың келбейт турабы», - деп тамашалады. Деканыбыз өзү жакшы киши эле. Ал эми Савельевдин жанындагысы - залкар хормейстр Султан Юсупов экен.

Өтөбаевдин ырдап калышына эл артисти, залкар хормейстр Султан Юсупов бирден-бир себепчи болот. Талантты таап, талдай да, баалай да, алысты жакындан көрө да билген көсөм шыгырчы (хормейстр) Юсупов шыгырда ырдаган уландардын, кыздардын ичинен Шамшыбектин жагымдуу үнүн жактырат. Анан ал: «Сен, балам, ырдашың керек, сенин ордуң шыгырда эмес, жеке ырдашың керек», - деп ырчы, комузчу, обончу, актер Экия Мукамбетовго кошуп берет. Ал жаш шайырдын ырчылык шыгын туура баамдап, бат эле таптап, океандай мелмилдеген ыр дүйнөсүнөн Шамшыбектин тушоосун кесет.

Өтөбаевдин ырга, күүгө болгон куштарлануусу күн санап артат. Ал 1971-жылы өзү окуп жаткан Политехникалык институттун алдына «Назик» аттуу эстрада тобун уюштурат. Ошол эле жылы жаш ансамбль республикалык телефестивалда биринчи орунду, ал эми Ташкенде өткөн Бүткүл Союздук техникалык жогорку окуу жайларынын фестивалында лауреаттыкты жеңип алат. Калыстар тобунун төрагасы, эл артисти Баатыр Закиров Шамшыбекке «Муслим Магомаевдин учкуну» деген баасын берет. Студент Шамшыбектин аткаруучулук чеберчилиги, үнүнүн тунуктугу, назиктиги Кыргыз филармониясынын кыргыз эстрада ансамблинин көркөм жетекчиси Чоро Кожомжаровду да кызыктырат. Ал студент болсо да Шамшыбекти топко ырчылыкка алат. Ошентип, жаш шайыр окуу менен ырчылык кесипти айкалыштырат. Кийин Шамшыбек «күлүк күнүндө, тулпар тушунда» дегендей, республика эле эмес, кала берсе азыркы КМШ, чет өлкөлөргө аттын кашкасындай таанылган «Наристе» ансамблинде ырчы, кийин көркөм жетекчи болуп иштейт.

1978-94-жылдардын аралыгында Шамшыбек Ош пединститутунун алдына «Назик», «Набат», «Асем» аттуу эстрадалык топторду уюштурат. Аларды жетектейт. Республикада, Москвада өткөн фестивалдарга катышат. Баш байгелерди жеңип, лауреат болот. Шамшыбектин аткаруусундагы С.Жумалиевдин «Сарычелек», «Таң сыры», «Үзүлбөгөн үмүттөр», К.Тагаевдин «Көл кечи» аттуу ырлары кыргыз эстрадасындагы классикалык чыгармаларга айланат.

Өтөбаев обончулардын, композиторлордун лирикалык, патриоттук ырларын аткаруу менен бирге өзү да ыр жазып, обон чыгарат. Автордун «Сага», «Студенттик жылдарым», «Ат келет», «Таазим сага, кутман жер», «Ысыккөл кечи», «Дүрдана», «Досторго» аттуу жана башка ырлары угуучулардын сүйүктүү чыгармаларына айланат. Булар обондорунун элдиктүүлүгү, ырдамдуулугу, элдик ыр-күүлөрдүн өзөгүндө профессионалдык деңгээлде жазылгандыгы менен жаш аткаруучулардын репертуарларынан да түшпөй ырдалып келет.

- Шамшыбек мырза, жакында залкар акын Алыкул Осмоновдун «Атажурт» аттуу ырына обон чыгарыпсыз. Сизге чейин деле бул ырга композиторлор, обончулар музыка жазышкан эле. Сиз эмне үчүн акындын «Атажуртуна» кайрылдыңыз?

- «Атажуртка» деген ырымды жазып бүтөөрүм менен биздеги абдан белгилүү композиторубузга угуздум. Абдан ыраазы болду. Анан ал: «Мен билгенден Алыкулдун «Атажурт» деген айтылуу ырына обон чыгарабыз деп аракет кылган композиторлор, обончулар көп эле болгон. Бирок, сеники мыкты чыгыптыр. Менин оюмча, сенден кийин бул ырга обон жазыш кыйын» деп куттуктады.

Көрсө табият берген талант кесип тандабайт тура. Ылайым Шамшыбектин үнү Алатоонун ак шумкарындай таңшый беришин каалайм.
XS
SM
MD
LG