Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:20

Улуттар Уюму Ооганстанга 317 миллион долларга жардам берет


Шейшемби күнү Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк программасы менен Ооганстан ортосунда 317 миллион долларлык келишимге кол коюлду.
Бул келишимге ылайык Улуттар Уюму эки жыл ичинде ооган элине азык-түлүк жардамын берет жана өлкөнүн айыл чарба тармагын калыбына келтирүүгө көмөктөшөт.
Азиянын өнүгүү банкы да Ооганстанга 150 миллион долларлык заем бөлдү. Карыз акча жолдорду, электр станцияларын жана газ менен камсыздоочу ишканаларды оңдоо үчүн пайдаланылат.
Азия өнүгүү банкы быйылдан баштап үч жыл ичинде Ооганстанга 610 миллион доллар жардам берет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG