Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:23

АКШ президенти Жорж Буш Израилдин жана Палестинанын премьер-министрлери менен кездешет


Кошмо Штаттарынын президенти Жорж Буш бүгүн Израилдин жана Палестинанын премьер-министрлери менен кездешип, эл аралык коомчулук колдогон “Жол картасы” тынчтык планын аткаруу маселесин талкуулайт.
Жорж Буш, Ариель Шарон жана Махмуд Абастын кездешүүсү Кызыл деңиздин боюндагы Иорданиянын Акаба курортунда өтөт.
Кечээ күнү Мисирдин Шарм эш-Шейх курортунда президент Буш Сауд Арабиясы, Иордания жана Бахрейндин мамлекет башчылары, ошондой эле Палестинанын премьери Абас менен жолугушкан.
Мисирдин президенти Хосни Мубарак: “Араб лидерлери Жакынкы Чыгыштагы террорчу топторду колдоону токтотуу үчүн бар болгон аракетин жасайт”,- деп билдирген Шарм эш-Шейхтеги саммиттен кийин.
Буш болсо “эркин жана барак” Палестин мамлекетин курууга жетишүүнү өзүнүн башкы милдеттеринин бири деп санаарын кайра кайталады:

- Биз тынчтыктын согушуп-аткылашуулар менен интифада ортосунда эле болбостон, Жакынкы Чыгыштын элдери биротоло элдешип, тынчтыктын туруктуу болуусун каалайбыз.

Жорж Буштун сөзүнчө, Израил жөөт келгиндери маселесине биротоло чекит коюп, “палестиналыктар бул жерлерди өзүбүздүн үйүбүз деп ишенгендей” болушу керек.

XS
SM
MD
LG