НАТОго мүчө 19 өлкө жана альянска өнөктөш 27 мамлекеттин тышкы иштер министрлеринин жыйынында Түндүк атлантикалык альянсты дүйнөлүк ийкемдүү аскерий бирикмеге айландыруунун жолдору, терроризмдин коркунучу, ага каршы күрөштөгү кызматташтыкты бекемдөө маселелери талкууланды. Министрлер андан тышкары Иракта 7000дей аскерден турган бейпилдик күчтөрүн башкаруу маселесинде Польшага көрсөтүлчү жардамды аныкташты.