Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:38

Будапешт шаарынын башчысы Бишкекке келет


БИШКЕК. Бүрсүгүнү Кыргызстанга Венгриянын борбору Будапешт шаарынын мэри Габор Демски жана Венгриянын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысынын орун басары Ене Борош башында турган делегация келет. Габор Демски Бишкекте Кыргызстандын башкалаасынын мэри Медетбек Керимкулов менен жолугушуп, алар эки тараптуу кызматташтык маселесин талкуулашат. Ал эми Ене Борош 9-июнда өлкөнүн тышкы иштер министринин биринчи орун басары Талантбек Кушчубеков менен жолугушуп, эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG