Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:41

Абдыганы Эркебаев ЕККУнун Алматы форумуна катышат


БИШКЕК. 7-9-июнь аралыгында Алматыда Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Парламенттик ассамблеясынын Азия аралык парламенттик биринчи форуму өтөөрү болжолдонууда. Ага Кыргызстандан Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев жетектеген делегация катышат. Делегациянын курамында депутаттар Алишер Абдимомунов, Алишер Сабиров, Эркин Бөлөкбаев жана Хажимурат Коркмазов бар. «ЕККУнун Азия аралык ченеми: коопсуздуктун үзгүлтүксүз тогоосу» деп аталган бул форум казак парламентинин чакыруусуна ылайык Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы менен бирдикте өткөрүлөт. Форум Евразиянын аймактык маселелерине көңүл буруу максатын көздөйт.

XS
SM
MD
LG