Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:19

Линн Паско Ош облусунда болду


БИШКЕК. АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Линн Паско бүгүн Ош облусунун Карасуу району менен Өзбекстандын Коргонтөбө районунун ортосундагы Шаркансай көпүрөсүндө болду. Бул көпүрөнү быйыл январь айында өзбек тарап бузуп салган. Ош облусунан кийин Линн Паско Өзбекстанга жол тартмакчы. Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин айтымында, Линн Пасконун сапарынын бир максаты - Борбордук Азиядагы регионалдык кызматташтыкка өбөлгө түзүү. Линн Паско кечээ Кыргызстанга келип, Бишкекте президент жана өкмөт башчысы менен жолугушкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG