Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:30

Өкмөт «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоону кийинки жумада карайт


БИШКЕК. «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоо боюнча чет өлкөлүк компаниянын бүтүмү чыгарылды. Ал өкмөттүн ушул маселе боюнча түзүлгөн комиссиясы тарабынан изилденүүдө. Бул тууралуу бүгүн Финансы министрлигинин экономика департаментинин башчысы Гүлмира Кожобекова билдирди. Чет өлкөлүк компания мындай бүтүмүн кыргыз өкмөтүнүн сунушу менен иштеп чыккан. Ал эми «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоону Канаданын «Камеко» компаниясы кыргыз өкмөтүнө сунуштаган. Гүлмира Кожобекованын айтымында, бүтүм техникалык, юридикалык жана финансылык маселелерди камтыган көлөмдүү беш китепчеден турат. Өкмөттүк комиссиянын иликтөөсүнөн кийин ал бүтүм өкмөттүн кароосуна кийинки жумада коюлмакчы.

XS
SM
MD
LG