Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:21

Ж. Соростун Кыргызстандагы иш сапары соңуна чыкты


БИШКЕК. Эки күндөн бери Бишкекте иш сапары менен жүргөн белгилүү финансист Жорж Сорос бүгүн Борбор Азиядагы Америка университетинин 10 жылдыгына арналган салтанатка катышып, 150 бүтүрүүчүгө диплом тапшырды. Салтанатта сүйлөгөн сөзүндө Ж. Сорос бул университет региондогу кызматташтыкты арттырууга олуттуу салым кошоорун белгилеп, андагы академиялык эркиндикти кубаттады. Ушул эле салтанат учурунда президент Аскар Акаев жана Жорж Сорос университеттин студенттери үчүн курулуучу болгон жатаканага байланыштуу меморандумга кол коюшту. Андан соң Сорос жатакананын пайдубалын түптөө иш-чарасына катышып, президент Аскар Акаев менен жолугушту. Ушул эле күнү Сорос Орусияга жол тартты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG