Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:52

Ирактын утурумдук өкмөтүн түзүү планындагы өзгөрүүлөр жөнүндөгү маалыматтарга улай америкалык администрациянын башчысы Пол Бремер азыр башкы көңүл өлкөнүн экономикалык маселелерине бурулганын билдирди. Америкалык администрациянын приоритеттери эмне себептен өзгөргөнү, алар ирактыктар менен бийликти качан жана кантип бөлүшө турганы азырынча түшүнүксүз.

Ирактын америкалык администрациясынын башчысы Пол Бремер апта башында Багдадда болгон басма сөз жыйынында билдиргендей, өлкөнүн экономикасын жандандыруу - алардын башкы приоритети. Бремердин айтымында, АКШ жетектеген коалициянын убактылуу администрациясы азыр жумушчу орундарын түзүүнүн үстүндө иштөөдө:

- Мен буга ишендирем, коалиция иштегендерди шыктандыруу, колдоо экономикалык ишмердүүлүктү жаратуу үчүн колдон келгендин баарын жасайт.
Бул - азыр мени тынчызданткан негизги нерсе. Өзүм жана менин экономикалык тобум экономиканы жандантып, өтө зарыл жумушчу орундарын камсыз кылууга багытталган бир катар демилгелердин үстүндө тынбай иштеп жатабыз.


Америкалык администрациянын башчысы Ирактын экономикасын тикелөө, албетте, убакытты талап кыларын кошумчалады. Мунун бир себеби өлкөдөгү ишканалардын көпчүлүгүндө технологиялар эски, айрымдары 50-60 – жылдардагы жабдуулар менен иштеп жаткандыгында.

Пол Бремер ушул айдын соңунан тарта Ирактын жаңы армиясы курала баштаарын да маалымдады. Ал өткөн айда өз буйругу менен Ирактын мурдагы армиясын, коопсуздук органдарын, Коргоо, Маалымат министрликтерин таратып, 400 миңдей адамды иштен бошоткон эле. Мындай кадам карапайым ирактыктарды Саддам Хусейндин режими чачыраганына, Баас партиясынын өкүлдөрү бийлик органдарынан кетирилгенине ынандыруу үчүн жасалган болчу.

Айтор Пол Бремердин эми экономиканы башкы приоритет деп атоосу, буга чейин көбүнесе Ирактын саясий көйгөйлөрү менен алектенип келгендей сезилген америкалык өкүлдөрдүн көңүл борборундагы маселелер чын эле өзгөрө баштаганын туюндурушу мүмкүн. Андай саясий маселелердин негизгиси - убактылуу администрация бийликти ирактыктар менен бөлүшүүгө качан киришет, жергиликтүү башкаруучулар качан тандалат деген суроо менен байланыштуу.

Ушул аптада Ирактын АКШ жетектеген администрациясы өлкөнүн утурумдук өкмөтүн түзүү боюнча жалпы улуттук конференция өткөрбөстөн туруп эле курамы 25-30 адамдан турган саясий кеңешти түзүүгө ниеттенип жатканы маалымдалды. Мындай кеңеш Ирактын утурумдук бийлиги катары АКШ жетектеген администрацияга өлкөнү башкаруу ишинде жардам бермекчи. Америкалык өкүлдөр менен ирактык лидерлердин ортосунда бийликти качан жана кантип бөлүштүрүү маселеси боюнча пикир келишпестиктер жаралгандыктан улуттук конференцияны чакыруу мөөнөтү улам артка жылдырылып, эң соңку ирэт ал июль айында өтүшү мүмкүн деп жарыяланган.

Эми "Вашингтон Пост" гезитинин жазганына караганда, АКШ Мамлекеттик департаментинин жогорку даражалуу өкүлү апта башында Ирактын негизги жети саясий тобунун жетекчилигин Вашингтондун соңку чечими менен тааныштырып, саясий кеңеш алты аптадан кийин гана түзүлөрүн маалымдаган.

Вашингтон азырынча өз планындагы өзгөрүүлөрдүн себебин ачыктаган жок.Америкалык айрым аты аталбаган өкүлдөр кабарчылар менен маектешкенде муну ирактыктардын ушу тапта өзүн -өзү башкарууга даяр эместигине байланыштырган. Ал эми Ирактын айрым саясий топтору АКШнын жаңы пландарын сынга алууда. Маселен Күрдүстан Демократиялык партиясынын, Ирак Ислам Революциясынын Жогорку Кеңеши деген шийит уюмунун өкүлдөрү негизги жети партия тең оккупациялык бийликтер менен иштешүүчү адамдар улуттук конференция аркылуу гана тандалуусун кааларын билдиришти.

Айрым аналитиктер болсо калыбына келтирүү жараянынын америкалык көзөмөлдө турушу - Иракты Саддам Хусейндин доорунан айрымаланган, демократиялык институттарга ээ мамлекетке айландыруудагы ишенимдүү жол экенин айтышууда. Вашингтондогу Карнеги фондунун эксперти Томас Карозерс:

- Бүткүл дүйнө Америка Иракта демократия орното алабы деп карап турат. Иракты адегенде өз жарандарынын коопсуздугу камсыздалган мамлекетке айландыруу зарыл экенин ар ким түшүнүүсү маанилүү.

Томас Карозерстин пикиринде, америкалык администрация Иракта бери дегенде бир жыл, балким, андан узак турушу мүмкүн. Өлкөдөгү бүткүл бийликти ирактыктарга өткөрүп берүүнүн мөөнөтү азырынча жок экенин америкалык администрациянын башчысы Пол Бремер да апта башында Багдадда болгон басма сөз жыйынында ырастаган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG