Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:38

АКШнын ӨКҮЛҮ КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖЕТЕКЧИЛИГИН КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШТҮ КҮЧӨТҮҮГӨ ЧАКЫРДЫ


3-4-июнда АКШнын мамлекеттик катчысынын Европа жана Евразия боюнча жардамчысынын орун басары Линн Паско Кыргызстанда эки күндүк иш сапары менен болуп, бийликтин жана массалык маалымат каражаттарынын айрым өкүлдөрү менен жолугушту. Борбордук Азия аймагындагы экономикалык кызматташтык, коопсуздук жана адам укуктарынын сакталышы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн өзөгүн түздү. Линн Паско Кыргызстандын жетекчилигин коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө чакырды.

АКШнын мамлекеттик катчысынын Европа жана Евразия боюнча жардамчысынын орун басары Линн Пасконун иш сапары негизинен Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты арттырууга багытталды. Президент Аскар Акаев баштаган бийлик өкүлдөрү менен жолугушуулардын учурунда аймактагы терроризмге жана баңгизаттарга каршы күрөш боюнча кыргыз-америка кызматташтыгы жана «Ганси» авиабазасынын аймактагы ролу талкууланды.

Ошентсе да Линн Пасконун Борбордук Азиядагы иш сапарынын башкы максаты – чек араларын бекитип, транзит үчүн арбын төлөмдөрдү киргизип, бири-бирине кыр көрсөтүүгө бет алган Борбордук Азия мамлекеттерин бир ымалага келтирүү жана соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруу болду. 4-июнда Линн Паско түштүк аймактагы кыргыз-өзбек чек арасына, анын ичинде эки мамлекетти катташтырып келген, бирок Өзбекстан тарап январь айында бузуп салган Карасуу районундагы Шаркансай көпүрөсүнө барды.

Алдаганча алдуу-күчтүү коңшуларынын чек араны жаап, экономикалык камоого алышынан Кыргызстан өзгөчө жапа чегип келатат. Бул маселе Линн Паско менен вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин ортосунда болгон 3-июндагы жолугуушууда талкууга алынды. Жолугушуудан кийин Жоомарт Оторбаевдин «Азаттыкка» айтып бергенине караганда, Кыргызстан эркин соода жүргүзүү жолун тандап алганы менен, коңшулары тарабынан катуу тоскоолдуктарга учурап келатат.

- Бизге калыс эрежелер аркылуу коңшулардын рыногуна чыгуу маанилүү, - деди Жоомарт Оторбаев. - Бизди курчап турган мамлекеттердин бардыгы бизге каршы адилетсиз, соода эрежелерине кайчы келген, кызматташтык мамилесине да туура келбеген тоскоолдуктарды коюп келатышат. Линн Паско мырзага биз, «эгерде силер аймакта эркин соода эрежелерин киргизүүнү жактасаңар, анда айрыкча Дүйнөлүк соода уюмунда чечим кабыл алууда ушул маселелерди оңунан чечүүгө таасир көрсөтсөңөр жакшы болоор эле» деп айттык.

Ж. Оторбаевдин айтымында, Ош шаарында өткөнү жаткан Экинчи Борбор Азиялык бизнес-форумда мамлекеттер ортосундагы соода-экономикалык мамилелер такталат. Кошмо Штаттар болсо Борбордук Азиядагы беш мамлекеттин ар бири менен соода жана инвестиция тартууну жакшыртуу жаатында келишимдерге кол коюу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады.

- Ал келишимдерде чек аралардын соода-алакага ачыктыгы, төлөмдүк тоскоолдуктарды азайтуу жана чек аралардын товарларга, кызмат көрсөтүүлөргө жана адамдарга ачыктыгы тууралуу айтылат. Албетте, биз бул кадамдарды колдойбуз. Анткени биз аймактагы экономикалык кызматташтыктын өнүгүшүнө ынтызарбыз, - деди вице-премьер-министр.

Коңшуларынан озунуп Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп алган Кыргызстандын экономикалык курчоодо калгансыган мындай оор абалы Орусия менен Казакстан Дүйнөлүк соода уюмуна киргенден кийин жеңилдеши мүмкүн.

Анын үстүнө Ооганстандын согуштан кийинки экономикасын калыбына келтирүүдөн пайда табууну көздөгөн Кыргызстандын планы да ойдогудай аткарылбай келатат. 3-июнда Линн Паско менен жолугушуу маалында премьер-министр Николай Танаев Ооганстандын экономикасын көтөрүүдөн Кыргызстан олуттуу пайда көрбөй жатканын айтып, «буга Кошмо Штаттардын өкмөтү жардам берсе болот эле» деп суранды.

- Биз бул маселени чечүүдө Кошмо Штаттардын колдоосуна муктажбыз. Биздин республикада Ооганстанга зарыл товарлар, тамак-аш продуктулары чыгат, - деди өкмөт башчысы.

Андан тышкары, премьер-министр «быйыл Кыргызстанда табигый кырсыктар көп болуп, анын натыйжасында бюджет дефицити 400 млн. сомго жетти» деп, АКШдан жардам сурады. Н. Танаевдин айтымында, Кыргызстандын курулуш фирмалары «Ганси» авиабазасынын жер которушуна, Кошмо Штаттар бөлгөн 37 млн. долларды иштетүүгө катышуусу экономикага оң таасирин тийгизет.

Премьер-министр менен жолугушууда Линн Паско Кыргызстан Эл аралык Валюта Фондунун алдындагы милдеттенмелерин так аткарса гана экономикалык ийгиликке жетээрин билдирди. Андан тышкары, океандын нары жагынан келген өкүл кыргыз бийлигинин коррупцияга каршы күрөшүү максатында Адилет башкаруунун улуттук кеңешин түзүп жатканын колдоого алаарын айтып өттү.

- Коррупция менен күрөшүүнүн мааниси чоң. Анткени коррупция экономикага гана терс таасирин тийгизбестен, өлкөнүн бүт системасын талкалайт, - деди америкалык дипломат.
XS
SM
MD
LG