Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:05

БЕКСУЛТАН ЖАКИЕВ: «АЗАМАТ АЛТАЙДЫН «АЗАТТЫКТАН» АЙТКАНДАРЫ АЗЫРКЫ УЧУР МЕНЕН ҮНДѲШҮП ТУРЧУ ЭКЕН»


Кыяс Молдокасымов, Бишкек http://gdb.rferl.org/3F9B2976-F377-4C93-8931-5C00C196B389_w203.jpg --> http://gdb.rferl.org/3F9B2976-F377-4C93-8931-5C00C196B389_mw800_mh600.jpg Дүйнөлүк согушка 350 миңден ашуун кыргызстандык жоокер майданга аттанып, алардын тең жарымынан көбү Мекенине кайтпай калган. Миңдеген жарандар аргасыз туткунга түшүп, согуш аяктаган соң, «чыккынчы» деп айып тагылып, Сибир токойлорундагы лагерлерде оор запкыны баштарынан кечиришти. Алардын айрымдары андай кыйноодон сактанышып, бөтөн эл, бөлөк жерде өмүр кечирүүгө аргасыз болушту. Андай жоокерлердин бири - айтылуу Азамат Алтай. Анын өз аты-жөнү - Кудайберген Кожомбердиев. Ал Батышта, океандын аркы жээгинде жүрүп, элинин эркиндиги үчүн күрөшүп келди. Кыргыз элинин таламын талашып, келечегинен күдөр үзбөй күтүп келди. «Азаттык» радиосун түптөөгө катышып, анда көп жыл эмгектенди. Тоталитардык доордо Азамат Алтай тууралуу бир беткей гана каралаган макалалар басылып келсе, эгемендүү заманда анын өмүр баянын, эмгегин калыс баалаган макалалар, повест-эсселер жазыла баштады. Азамат Алтай тууралуу жазылган алгачкы чыгарманын автору, белгилүү драматург Бексултан Жакиев бизге маек куруп берди.

- Бексултан аба, «Азаттык» радиосунун 50 жылдык мааракеси 6-июнда Прага шаарында белгиленип, ага Азамат Алтай абабыз да келип салтанатка катышып жатат. Кыргызстандык жарандардын арасында Азамат Алтайды жакындан билген, анын архивин бүт көз алдыңыздан өткөргөн инсан азырынча сиз өзүңүз болгондон кийин, ал тууралуу айтып берсеңиз. “Азамат Алтай” деген атты алгачкы жолу качан уктуңуз? Аны менен алгачкы байланышыңыз кандай болду?

- Эң оболу «Азаттыктын» 50 жылдык мааракеси менен «Азаттыкта» иштеген жигит, кыздарыбыздын баарын куттуктайм. Биз студент кезибизден «Азаттыкты» угуп, ал биздин багытыбызга көмөкчү болуп берген десек туура болчудай. Совет доорунда кээ бир окуялар көмүскөдө калчу экен, ошону «Азаттык» аркылуу укчубуз. Үнүн өчүрүшчү, угузбай коюуга аракет кылышчу. Чала угуп калганыбызды бири-бирибизден сурап турчубуз. Ыраматылык Түкөм дайыма угаар эле. Биз уга албай калсак Түгөлбай Сыдыкбековдон сурачубуз. Азамат Алтай абабыздын «Азаттык» радиосун уюштурууда эмгеги зор. Мен Азамат абам менен кандай таанышып калгандыгым жөнүндө «Азамат Алтай» деген повестимде толук жазгам. Биринчи жолу Азамат Алтай деген ысымды мына биз отурган жерде (мурда бул жерде Жазуучулар союзу турчу эле) уктум. Бир күнү мени союзга чакырып калышты. 1959- же 60-жыл болсо керек эле, казакка да, кыргызга да абдан төл, энчилүү адамыбыз Мухтар Ауэзов менен жолугуштук. Ал киши Америкага жаңы эле барып келген учуру экен. Аркы-беркини айтып отуруп, аяк ченинде: «Нью-Йоркто Колумбия университетинин китепканасын башкарган бир керемет жигитиңер бар. Ушундай билимдүү экен, өзү Ысыккөлдүн Тоң районунун Ленин колхозунан болот экен», - деди. Мен да Ленин колхозунанмын. Ушундан кийин ага кызыгуум артып, кийинчерээк кайра куруу доору башталганда кат жазышып калдык.

- Бексултан аба, Азамат Алтай менен алгачкы жолукканыңыз жана анын сизге ишеним артып тапшырган архиви тууралуу да айтып берсеңиз.

- 1991-жылы президентибиз Аскар Акаевдин Америкага биринчи иш сапары болуп калды. Ошондо кыргыз делегациясынын катарына мен да кошулуп калдым. Америкага барганда Азамат абам менен биринчи жолу жүз көрүшүп, абамдыкында жүрүп, ошол жерде бир нече күн болдум. Мен ал кишиден укканымды кагазга, диктофонго түшүрдүм, кулагыма сактадым. Анан архиви менен тааныштым. «Ушулардын баарын кагазга түшүрбөйсүзбү, кийинки муун үчүн» десем, «азыр ал кайдан, карыбадыкпы» деп, ал ишти мага тапшырды. Архивин мага ишенип берди. Архиви жүздөн ашык чоң-чоң папкада ирээти менен сакталуу экен. Анын баарын алып келиш өтө кыйын болгондуктан, ал жерде иргеп чыктым. Анда абамдын «Азаттыкта» иштеп турган учурдагы макалалары, ар кимдер менен жазышкан каттары бар экен. Алардын баары менде сакталуу турат. Эми аларды изилдеп чыккан бир окумуштуу болсо жакшы болоор эле. Ал атайын изилдөөгө татыктуу. Азыр ойлосом Совет учурунда айтылбаган, бирок Совет элинин алдыңкы пикирдеги адамдарынын оюнда турган нерселерди Азамат абам ушул «Азаттык» аркылуу айтып турган экен. Биз кийин, кайра куруу доорунан баштап айта баштадык андай эркин пикирлерди.

- Сиз Азамат Алтайдын архиви менен жакындан таанышып чыктыңыз, өзү менен да көп баарлаштыңыз. Азамат абанын инсандык касиети тууралуу айтып берсеңиз.

- Бул кишинин өзгөчөлүгү ушунда го дейм. 1940-жылы 20 жашында аскерге кетиптир. 41-жылдагы согуш, анан туткунга түшкөндөгүсү болуп отуруп, көрбөгөн азабы калбаптыр. Өмүр баянын айтып отурсак шумдук эле нерсе. Ошондо бул киши жок болуп кетпей, өзүн-өзү кайра тарбиялап чыгыптыр. Бул көрүнгөндүн колунан келе бербейт. Экинчиден, мен бир айдай ал кишинин үйүндө туруп калдым. Үйүндө жүргөндө Кыргызстанды, кыргыздын мыкты уулдарын, кубана турган, ыза боло турган нерселерди эстесе көз жашы көл болуп ыйлай берчү. Бул - кусалык. Ал 55 жылдан ашык убакыт бою Кыргызстанды көргөн эмес. Ал эми мындай кусалык жүрөгүндө өлкөсүн, элин терең сүйгөндөн болот, жөнөкөй айтканда ал - патриот. Кыргызды, Кыргызстанды ушунчалык терең сүйгөн, берилген, кан-жаны менен жакшы көргөн патриот Азамат Алтайдай адамды табыш кыйын. Азамат Алтай дайыма айтчу эле. «Атам экөөбүз тиккен үч терегим бар эле. Ошону көрүп өлсөм арманым жок эле. Энемдин мүрзөсүн, энемдин денеси жаткан көрүстөндү түрттүрүп салыптыр деп угам», - деп боздочу. Кудай жалгап, түрттүрбөптүр. Манастын 1000 жылдыгында келген учурда Тоңго, киндик каны тамган жерге мен өзүм алып барып келдим. Барганда ошончо жылдан кийин эч кандай эстелиги жок энесинин мүрзөсүн түптүз барып таап алды. Анан дагы бир көрүнүш: биз айылга түнүчүндө бардык, барганда абамды колдон-буттан алып кетишти. Тиккен теректери прожектордун жарыгына көрүнүп турду. Ошол жерге барып аябай боздоду. Ошондон кийин Азамат Алтай эл-жерди айтып ыйлаганы токтоду. Өтө тамашакөй, чындыкты бетке айткан, калыс, ызакор, жеке эле кыргыз эмес, жалпы тектеш бир тууган түрк элдерине каны, жаны тартып турган адам. «Ар бир жакшы кыргыз менин бир тууганым. Бир тууганым болсо да, жаман болсо аны мен жакшы көрбөйм» деп айтчу эле.

- Бексултан аба, Азамат Алтай жөнүндө жакшы сөздөрдү айтып бердиңиз. Азамат Алтай Советтик тоталитардык доордо кыргыз элинин келечеги үчүн, Кыргызстандын эркиндиги үчүн көп аракеттерди жасап келди. Мына эми Кыргызстан Азамат Алтай эңсеген эгемендүүлүккө жетип, анын 12 жылына кадам басып атат. Азамат Алтайды коомчулук дагы кеңири билиш үчүн, эмгегин баалаш үчүн Кыргызстанда кандай иш-чараларды жүргүзсө болот деп ойлойсуз?

- Биринчиден, Азамат Алтайды кыргыз эли абдан жакшы билет, жакшы көрөт. Кээ бирөөлөр: «Эмне эле мактап атасыңар муну?» - дешет. Бир тобу: «Муну баатыр кылып ийдиңер», - дейт. Баатыр кылган жокпуз, бул кишинин башынан өткөн чындыкты гана айтып атабыз. Мына ушул башынан өткөн чындык, бул кишинин аракети, далалаты, максаты, ниети элге дагы кененирээк жетсе, ошондо Азамат Алтай элге дагы белгилүү болот. Тилекке каршы, Азамат Алтай турмуштун, көр оокаттын, күнүмдүк жашоонун айынан өзүнүн көп эмгегин бөлөктөр үчүн иштеген, бөлөктөр үчүн материал чогулткан, жазып берген. Ошолордун аты калган. Алар өздөрүнүн китептеринин баш сөзүндө, же аяк сөзүндө гана «Азамат Алтайга ыраазычылык билдиребиз, жакшы иштеди» деген гана сөздөрдү жазышкан. Автор катары кеткен эмес. Ошондой болсо да, том-том китептери калбаса да, бул кишинин аракеттери көлөмү майда сыяктуу эмгектеринен көрүнүп турат. Өзүнүн сүйлөшкөн сөздөрүндө, айткан ойлорунда турат. Ошол аркылуу бул киши кыргыз элине белгилүү, унутулбай турган инсан болуп кала бериши керек.

- Рахмат, маегиңиз үчүн.
XS
SM
MD
LG