Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:00

Жумгалдагы уран калдыктары Нарын облусунун экологиясына зыян келтирүүдө


НАРЫН. Бүгүн облустук акимчиликтин архитектура жана курулуш бөлүмүнөн алынган маалымат боюнча, Миңкуш шаарчасына жакын жайгашкан уран калдыктарын сактоочу 4 жайга жалпысынан 1961 тонна уран калдыктары көмүлгөн. Алар сейсмикалык активдүү, сел жүрүп кетүү коркунучу бар аймактарда жайгашкан. Ал эми радиоактивдүүлүк 30-1500 рентген-саатка чейин жетет. Бул нормадан жогору. Атайын белгиленген иштер тиешелүү деңгээлде аткарылбай жаткандыктан, бул жайлар дале болсо экологиялык кырсыкка себепкер болушу толук ыктымал. Былтыр 730 миң сомдук иштерди аткаруу белгиленген, бирок болгону 370 миң сомдук иштер гана аткарылган.

XS
SM
MD
LG