Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

Бишкекте Борбордук Азиядагы билим берүү боюнча форум өтүп жатат


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Борбордук Азияда билим берүү боюнча экинчи форум башталды. Жыйын Бүткүл дүйнөлүк билим берүү форуму 2000-жылы Дакар шаарында кабыл алган программаны ишке ашыруунун улуттук стратегиясын иштеп чыгуу максатын көздөйт. Форумга региондогу беш мамлекеттин билим берүү тармактарынын жетекчилери жана адистери катышууда. Алар кыздарга билим берүү, бул тармактагы маалымат системасы, турмуштук тажрыйба жана чоңдорду окутуу маселелерин талкуулап жатышат. Дакар программасынын башкы максаты - балдарга билим берүүнү өнүктүрүү, 2015-жылга чейин бардык балдардын, айрыкча кыздардын билим алышын камсыз кылуу, сабатсыз кишилердин 50% окутуу жана аялдар менен эркектердин бирдей билим алуусуна жетишүү.

XS
SM
MD
LG