Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:01

«Ганси» авиабазасынын өкүлдөрү баткендиктерге жардам көрсөтүштү


БАТКЕН. Өзбекстандын чек арага койгон миналарынан жабыркаган Баткендин тургундарына «Ганси» авиабазасындагы голландиялык аскерлер жардам көрсөтүштү. Бул гуманитардык жардам бүгүн Кызыл жарым ай коомунун Баткен облустук бөлүмүнө келип түштү. Бөлүмдүн кызматкери Кыялбек Сабыровдун «Азаттыкка» бүгүн билдиргенине караганда, жалпы салмагы 4 тонналык бул жардам негизинен кийим-кечеден турат. Мындай иштер Кызыл жарым ай коомунун «Мина коркунучун калкка түшүндүрүү» долбоорунун алкагында жүзөгө ашууда.
Өзбекстан тарабынан кыргыз-өзбек чек арасына коюлган миналар 1999-жылдан бери 14 жолу жарылып, андан Баткен облусунун 2 тургуну каза таап, үчөө оор жарат алган. Мындан тышкары, калк бир канча мал-жанынан ажырап, жалпысынан 7 миллион сомго жакын чыгым тарткан.

XS
SM
MD
LG