Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт башчылары суу-энергетика боюнча консорциум түзүүгө макулдашты


БИШКЕК. Ушул жазда Тажикстандын пайдалануусунан Кыргызстанга өткөн Сарымогол айылынын 3,5 миң жашоочусунун жарандык алуу маселесин эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн атайын комиссия чечет. Кыргызстандын премьер-министри Николай Танаевдин Дүйшөмбү шаарында Тажикстандын өкмөт башчысы Акил Акилов менен жолугушуусунда ушундай чечим кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Евразия Экономикалык Шериктештигиндеги өкүлү Базарбай Мамбетов билдирди. Анын айтымында, кыргыз өкмөт башчысынын Тажикстандагы иш сапарынын учурунда суу-энергетика боюнча кызматташуу, жолдорду пайдалануу жана Ооганстанды калыбына келтирүүгө кол кабыш кылуу маселелери да талкууланды. Суу-энегетика ресурстарын пайдалануу боюнча сүйлөшүүдө Тажикстан Кыргызстан менен биргелешип бирдиктүү бир консорциум түзүүнү сунуш кылып, кыргыз тарап ага макулдугун билдирди.

XS
SM
MD
LG