Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:12

ДҮЙШӨМБҮ ШААРЫНДА КЫРГЫЗ-ТАЖИК МАМИЛЕСИ ТАЛКУУЛАНДЫ


4-июнда Кыргызстандын өкмөт башчысы Николай Танаев Тажикстанда жумуш сапары менен болуп кайтты. Ага чейин, 2-3-июнда Дүйшөмбү шаарында соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны болгон. Эки мамлекеттин ортосундагы бул иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча 5-июнда вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов Өкмөт Үйүндө маалымат жыйынын өткөрдү.

Базарбай Мамбетовдун маалымат жыйынында кабарлаганына караганда, соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөт аралык комиссиянын отурумунда 12 маселе каралып, алардын дээрлик баары оң жагына чечилген. 12 маселенин ичинде соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, Тажикстандагы кыргыздардын маселесин чечүү, тажик аймагы менен чектешкен Баткен облусунун айыл жерлерине жетиштүү суу берүү, суу-энергетика жана жол тармагында кызматташуу болгон. Кыргызстан менен Тажикстандын соодасы 4 айдын ичинде өткөн жылга салыштырмалуу 2 эседен ашык өсүп, 6 млн. долларга жеткен. Акыркы 6 айдын ичинде Кыргызстандын бир катар ишканалары тажик рыногуна чыккан. Кыргыз тарап келечекте Тажикстанга 500 миң тоннага чейин буудай, ун сатууга ниеттенүүдө. Өкмөт аралык комиссия жыйынында эки мамлекет эл аралык кызматташууда бири-бирине артыкчылык берүүгө макулдашкан.

Андан тышкары, Кыргызстандын Тажикстандагы 25 ишканасынын, Тажикстандын Кыргызстандагы 8 ишканасынын тагдыры каралып, алар боюнча комиссия түзүп, 2 айдын ичинде тийиштүү чечимдерди кабыл алуу макулдашылган. Ал эми жол боюнча кызматташуунун алкагында Кыргызстан Тажикстанга Ош-Сарыташ-Эркечтам жолу аркылуу Кытайга чыгууга мүмкүнчүлүк берсе, тажик тарап Кыргызстандын Ооганстанга чыгышына жол бермекчи. Базарбай Мамбетовдун айтымында, Кыргызстандын алдындагы маселелердин бири - Сүлүктүдөн, Ташкөмүрдөн жана Кызылкыядан Бишкек ТЭЦине көмүр ташуу. Бул үчүн поезд Тажикстан аймагынан 100 чакырымдан, Өзбекстандан 600дөн ашуун, Казакстандан 700 чакырымга жакын аралыктагы жолду басып өтүүгө тийиш. Бирок кошуна мамлекеттердин темир жолго тарифтерди жогору коюшунан улам, казылып алынган жерде бир тоннасы 9 доллар болгон көмүр, Бишкекке жеткиче 39 долларга жетүүдө.

- Бул маселени чечиш үчүн тажик тараптан тарифтерди бул өлкөнүн ички тарифтерине теңеп берүүнү өтүндүк жана алар биздин өтүнүчтү кабыл алышты. Эми бул маселе боюнча Казакстан жана Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Мындан тышкары, Кыргызстандын жарандыгын алууну каалаган тажикстандык кыргыздар Бишкектеги тажик элчилигине келип, жарандыктан чыгыш үчүн 50 доллар төлөөгө тийиш. Кыргызстандагы 19 миң качкындын да жарандык алуудагы кыйынчылыктары ушуга байланыштуу болууда. Биз ал төлөмдөрдү жоюуну жана Баткен облусунун Исфара жергесинде консулдук ачып, жарандыктан чыгууну жеңилдетүүнү сунуштадык. Бул сунушту тажик тарап кабыл алды, - дейт Базарбай Мамбетов.

Ал эми 4-июнда өткөн кыргыз-тажик өкмөт башчыларынын жолугушуусунда Сарымоголду кайтарып алуу, суу-энергетика, жол жана Ооганстанды калыбына келтирүүдөгү кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөр болгон. Б. Мамбетовдун айтымында, Сарымогол Кыргызстандын юрисдикциясына өттү. Эми ал жердеги 3,5 миң кыргыз улутундагы тажик жарандары кыргыз жарандыгын алып, Сарымоголдо калууну же Тажикстандын жарандыгын сактап, ал жакка көчүп кетүүнү өздөрү чечүүгө тийиш. Тажикстандын өкмөт башчысы Акил Акилов кыргыз-тажик суу-энергетикалык консорциумун түзүүнү сунуш кылган жана ал сунуш кыргыз тараптан колдоо тапкан.

- Суу сактагычтарды ремонт кылып, жакшы деңгээлде кармаш үчүн көп каражат сарпталат. Тажик тарап өзүнүкүн, кыргыз тарап өзүнүкүн оңдоп-түзөөдө. Бирок дүйнөлүк тажрыйбага ылайык, суу сактагычтардан сууну пайдаланган Казакстан, Өзбекстан да оңдоп-түзөө ишине катышууга тийиш. Муну камсыз кылыш үчүн Кыргызстан менен Тажикстан бирдиктүү саясат жүргүзүшү керек. Биз региондогу бардык кошуна мамлекеттер менен кызматташууга аракет кылып жатабыз. Ал аракетибиз Тажикстан тараптан гана колдоого алынып, ийгиликке ээ болуп жатат, - деп жыйынтыктады Базарбай Мамбетов маалымат жыйынын.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG