Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

ТҮШТҮК КОРЕЯ КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУГА ЫНТЫЗАР


Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын жаңы багыттары бейшембиде Тышкы иштер министрлигинде өткөн форумда талкууланды. Анын катышуучулары форумду эки мамлекеттин соода-экономикалык кызматташтыгын тездетүүчү шарт катары баалашты.

Кыргызстан менен Түштүк Корея 1990-жылдан бери соода-экономикалык жактан тыгыз кызматташып келатат. Эки тараптын билдирүүсү боюнча, алардын соода жүгүртүү ченеми 10 жылдан ашык убакыт ичинде 4 миллион доллардан 120 миллион долларга чейин өсүп жеткен. Форумда айтылгандарга караганда, буга чейин ар тараптуу кызматташтык боюнча жүзөгө ашкан бир катар долбоорлор бар. Кореянын «Самсунг» фирмасы Бишкек-Ош автожолун оңдоонун экинчи фазасына катышканы, ири компаниялардын катышуусу менен «Фламинго» аттракциондор аймагынын курулушу, өлкөнүн ар кайсы тармактарына кореялыктардын финансылык-техникалык жардам көрсөтүшү буга жакшы мисал. Кореянын өкмөтү өткөн жылдын этегинде Кыргызстандын эмгек мигранттарын кабыл алууга макул болгон. Кыргыз өкмөтү өз кезегинде 2003-жылдын 15-апрелинде башка кызматташ өлкөлөр менен катар Кореянын жарандарына да Кыргызстандын аймагына кирүү боюнча визалык жеңилдик берген. Мындай токтомду кыргыз өкмөтү чет өлкөлүк ишкер жарандарды тартуу максатында кабыл алган.

Форумда белгиленгенге караганда, Түштүк Корея азыр Кыргызстан менен ишкердик багытында кызматташууга кызыгууда. Кореянын Кыргызстандагы элчиси Тэ Сок Вон бул тууралуу мындай пикирин айтты:

- Кореянын өкмөтү Кыргызстандын чет өлкөлүк инвестиция тартуу боюнча башкы саясатына терең кызыгат. Корея тарап технологиялык жактан жана кадр даярдоо боюнча кызматташууну сунуш кылат.

Тышкы иштер министринин орун басары Жээнбек Кулубаевдин айтымында, кореялык ишкерлер Кыргызстан менен телекоммуникация, туризм, металлургия жаатында кызматташуу боюнча демилге көтөрүп жатышат. Бирок, Кыргызстан менен иштегиси келген «Daewoo», «LG», «Woojin», «Samsung Electronic», «Grapro», «Samsung Corporation» өңдүү фирмалар адегенде жагдайды жеринде иликтөөгө кызыгышууда. Форумга 15 ишкердин келиши да ошого байланыштуу болду.

- Кореялык ири өнөр жай компанияларынын өкүлдөрү инвестициялык климаттын, эң башкысы - Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандардын коопсуздугунун камсыздалышына ынтызар, - деди Ж. Кулубаев. - Ошондуктан, бүгүн биздин өкмөттүн, министрликтердин, тармактардын расмий өкүлдөрү бардык кызыктырган суроолорго жооп берүүгө даяр.

Форумга Кыргызстан тараптан Тышкы соода жана өнөр жай, Транспорт жана байланыш министрликтеринин жетекчилери, Президенттин алдындагы чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча катчылыктын атайын өкүлү катышты. Мындан тышкары, башкы прокурордун орун басары Курмантай Абдиев менен Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысы Марат Суталинов чет өлкөлүк жарандардын коопсуздугу тууралуу билдирүү жасашты. Форумдун экинчи бөлүгүнө катышууга журналисттерге уруксат берилген жок. Андыктан коопсуздук маселелерине байланышкан талкуу жабык бойдон калды. Ушул эле күнү Ички иштер министрлигинин башкы штабынан алынган маалыматка караганда, былтыр күзүндө кореялык ишкерлер атып өлтүрүлгөн кылмыштын бети алигиче ачыла элек. Ал эми форумдун башталышында Кореянын Кыргызстандагы элчиси Тэ Сок Вон мындан аркы кызматташтыкка байланыштуу кыргыз тарапка мындай сунушун айтты:

- Кыргыз тарап кыйынчылык жагдайларда ишкерлерге жардам беришин жана инвесторлорго ыңгайлуу шарт түзүүгө көмөктөшүүсүн каалайм. Ошондой эле бул форум индустрия жана инвестиция багытында Корея менен Кыргызстандын кызматташтыгынын тереңдешин шарттайт деген үмүтүм бар.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG