Өзбек улутундагы жигит өлкөдө тыюу салынган исламчыл "Хизб-ут-Тахрир" уюмунун үгүт-насааттарын жайылткан үчүн соттолуп, 14 жылга эркинен ажыратылды. Саидкамолиддин Насыров андан сырткары экстремисттик маанайдагы диний адабияттарды араб тилинен тажик тилине которгон үчүн да айыпталды. Өзбек бийликтери да 1999-жылы мамлекетке каршы бузуку иштерин жүргүзгөн деп издөө жарыялаган Насыров ушул жылдын январь айында Тажикстанда кармалган.