Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:14

Италиянын Сенаты премьер-министр Сильвио Берлускониге кол тийбестик укугун ыйгарды


Сенат ушундай мыйзам кабыл алып, өкмөт башчыны коррупциялык иш-аракеттери үчүн соттомокчу болгон миландык судьялардан коргоп калды. Эми мыйзам долбоорун Италия парламентинин төмөнкү палатасы жактырышы керек. Берлусконинин өкмөтү премьер-министрге кол тийбестик иммунитети берилсе, парламент өзүнүн көз карандысыздыгын жана өлкөдө саясий куугунтукка жол бербээрин далилдейт деп билдирген. Айрым парламентарийлер Сенатта кабыл алынган мыйзам сот алдында баары бирдей жооптуу деп аныктаган өлкө Конституциясына карама-каршы келет деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG