Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:11

Улуттар Уюму Абхазияда барымтага алынган эл аралык байкоочулардын шартсыз бошотулушун талап кылды


Байкоочуларды бейшемби күнү Абхазиянын грузин бийликтеринин көзөмөлү астында турган аймагындагы Кодор капчыгайында белгисиз бирөөлөр туткунга алышкан. БУУнун Коопсуздук кеңешинин азыркы төрагасы,Орусиянын уюмдагы өкүлү Сергей Лавровдун маалымдашынча, Германиянын эки жараны, Даниянын жараны жана алардын грузин котормочусу барымтага алынган. Байкоочуларды Орусиянын бейпилдик аскерлеринин төрт жоокери коштоп жүрүшкөн. Барымтачылар алардын куралдарын тартып алышып, өзүлөрүн койо беришкен. Азыр грузин бийликтери барымтачыларды издеп жатышат.

XS
SM
MD
LG