Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:58

Казак президенти анын өлкөсү демократиялаштыруунун жаңы баскычына чыкканын билдирет


Президент Назарбаев жакында Казакстанда демократиялык коомдун эл аралык стандарттарына төп келген жаңы шайлоо мыйзамы кабыл алына турганын билдирди. Ошондой эле президент массалык маалымат каражаттары жөнүндө жаңы мыйзам сунуш кылынганын белгиледи. Назарбаев өкмөттүн структураларынын ортосунда бийлик бөлүштүрүү мыйзамы кабыл алынып, жергиликтүү шайлоо жөнүндөгү мыйзамга оңдоолор киргизиле тургандыгын баяндады. Президенттин айтымында, ошондой эле өлкөнүн сот системасы да кайра каралып чыкмакчы. Бул билдирүүнү Назарбаев Казакстандын тышкы инвесторлор кеңешинин конференциясында жасады. Конференцияга Европанын кайра куруу жана өнүгүү банкынын башчысы Лемьер катышты.

XS
SM
MD
LG