Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:01

Өткөн түнү Грозныйда турак-жай имараты жарылды


Беш кабаттуу үйдө жашагандардан,ар түрдүү маалыматтар боюнча, бери дегенде – 9, ары дегенде – 11 киши набыт болду. Прокуратуранын маалыматтарында газ түтүгү жарылганы айтылат, бирок чукул кырдаалдар боюнча министрликтин өкүлдөрү буга шектенип жатышат. Ушул эле күнү орус Думасы Чеченстанда мунапыс жарыялоо жөнүндө токтом кабыл алды. Документте айтылгандай,мунапыстын амири мурдагы Чечен-Ингуш автоном республикасынын аймагында быйылкы жылдын 1-сентябрына чейин колдонулат. Куралдуу каршылык көрсөтүүдөн баш тарткандар сот жоопкерчилигинен бошотулат. Бирок оор кылмыш кылгандарга,ошондой эле чет элдик жарандарга мунапыс берилбейт.

XS
SM
MD
LG