Линктер

шаршемби, 18-январь, 2017 Бишкек убактысы 14:29

“Хамас” уюму палестин премьери менен сүйлөшүүлөрүн үздү


Бул тууралуу бүгүн “Хамастын” лидери Абдел Азиз ал-Рантиси билдирди. Махмуд Аббас менен сүйлөшүүлөр бүттү,деп айтты ал. Палестин премьери шаршемби күнү Иорданиядагы саммитте интифададан күрөштүн тынчтык жолдоруна өтүү зарылдыгын айткан эле. Хамасчылар муну кабыл алгылыксыз милдеттенме деп эсептешет. Ушул эле күнү Египеттин тышкы иштер министри Ахмед Махер да палестиналыктарды интифаданы токтотууга чакырып,азыркы шартта эми ал палестиналыктардын өздөрү үчүн зыяндуу болуп чыгыш мүмкүн деп эскертти. Иорданиядагы саммиттин жыйынтыктарына бүгүн Түркиянын өкмөтү да колдоо билдирди. Өткөн түнү Израилдин атайын күчтөрү Тулкарм шаарында антитеррордук операция өткөрүшүп, анын жүрүшүндө “Хамас” уюмунун эки активистин өлтүрүштү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG