Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:15

МАГАТЭнин эксперттери Багдадга келишти


Алар Ирактын аскерий ишканаларындагы радиоактивдүү материалдардын сакталышын текшерип чыгышат. Кечээ ООНдун коопсуздук кеңешинде эл аралык эксперттер тобунун башчысы Ханс Бликс америкалык жана британдык чалгындоо кызматтарынын маалыматтары согуштун алдындагы инспекциянын жүрүшүндө тастыкталбагандыгын ырастады. Иракта массалык кыргын салчу куралдар болгон-болбогонун биротоло аныктап чыгуу үчүн Бликс инспекторлор тобундагы адистерди пайдалануу зарылдыгын белгиледи. Пентагондун башчысы Рамсфелд ирак режиминде химиялык же биологиялык курал болгонун ырастаган таныктар эртеби-кечпи табылат деп билдирди. Соңку күндөрү АКШ менен Британиянын жетекчилерине бул маселеде коомчулукту адаштырган деп айыптар коюлууда.

XS
SM
MD
LG