Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:47

ЭКУнун тышкы иштер министрлери Бишкекте чогулмак болушту


БИШКЕК. 11-июнда Бишкекте Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (ЭКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин XIII кеңешмеси болот. Ага Азербайжан, Ооганстан, Иран, Казакстан, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия жана Өзбекстан мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери катышат. Кеңешмени президент Аскар Акаев ачып, уюмдун министрлер кеңешинин азыркы төрагасы, Түркиянын вице-премьер-министри Абдулатиф Шеннер сөз сүйлөйт. Кеңешмеде ал төрагалык милдетти Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматовго өткөрүп берет. Кеңеште тышкы иштер министрлери негизинен ЭКУнун бир жыл ичинде аткарган ишине жана келерки жылкы иш-планына көңүл бурушат. Мындан тышкары, кеңешме Ооганстанды калыбына келтирүүнүн 2003-2008-жылдар боюнча планын талкуулап, кабыл алаары күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG