Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Парламент өкмөттүк саатта өлкөдөгү чукул кырдаалдарды талкуулады


БИШКЕК. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйыны өкмөттүк саат өткөрүп, анда өлкөдөгү жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу жана кырсыктардын алдын алуу маселелерин талкуулады. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Сатыбалды Чырмашевдин айтымында, быйыл Кыргызстандын аймагында 400гө жакын жаратылыш кырсыгы катталды. Мынчалык көп кырсыктар буга чейин каттала элек болчу. Республикалык бюджет бул үчүн жылына 300 миллион сом бөлөт. Бирок, бул жетишсиз. Министрдин айтымында, жер алдындагы сууларды жөндөш үчүн эле 1 миллиард сомго жакын каражат талап кылынат. Парламент өткөргөн өкмөттүк саатка премьер-министр Николай Танаев баш болгон өкмөт мүчөлөрү катышып, депутаттардын суроолоруна жооп беришти.

XS
SM
MD
LG