Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:29

КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТТУН ТӨРАЙЫМЫНЫН МӨӨНӨТҮ АЯКТАДЫБЫ?


Кыргызстандын Конституциялык Сотунун судьясы Марат Кайыпов соттун төрайымы Чолпон Баековага, президентке жана Жогорку Кеңештин эки палатасына Конституциялык Сот төрайымынын кызмат мөөнөтүнө байланыштуу кат жолдоду. Анда ал «бул кызматка мындан он жыл мурда шайланган Чолпон Баекованын сотко төрагалык кылуу мөөнөтү аяктагандыгынан улам, ал бул милдетинен баш тартууга тийиш» деген сунуш киргизди.

Судья Марат Кайыпов ал катты Чолпон Баековага быйыл 13-майда тапшырган. Анда Чолпон Баекова Конституциялык Сотту 10 жылдан бери башкарып келаткандыгына байланыштуу ага төрайымдык милдетинен баш тартуу, Жогорку Кеңештин түшүндүрмөсү менен төрайымдык кылууга конституциялык укугу бар же жок экендигин тактап алуу сунуш кылынган. Марат Кайыповдун билдирүүсү боюнча, буга төмөнкүдөй юридикалык жагдайлар негиз берет:

- Биринчиден, 2-февралдагы референдумдан кийин Конституцияда, өзгөчө сот системасында чоң өзгөрүүлөр пайда болду. Мурда Конституциялык Сотто иштеп жаткан судьялардын бардыгы 15 жылга шайланган болсок, референдумдан кийин анын мөөнөтү 10 жыл болуп кыскартылды. «Судьялар шайланган жана дайындалган убагына чейин өзүлөрүнүн бийлик укуктарын сактап калат» деп так жазылды. Конституциялык Соттун төрайымы судья гана эмес, ал сотко төрайымдык кылат жана сот аппаратында административдик бийлик жүргүзөт. Жетекчи жалаң гана процессуалдык бийлик укуктарына ээ эмес, ал административдик бийлик укуктарына да ээ. Конституциялык Сотко ар кандай арыз түшкөндө аны төрайым гана карап, судьяларга бөлүштүрөт. Андан тышкары, Конституциялык Соттун жыйналышына төрайымдык кылат, сот кабыл алган чечимдерге кол коет. Эгерде жетекчи менен судьянын бийлик укуктары бип-бирдей болсо анда эч кандай суроо пайда болмок эмес. Бул жерде судья менен төраганын бийлик укуктарынын айырмасы зор. Демек, «шайланган жана дайындалган судьялар мөөнөтүнүн аягына чейин бийлик укуктарын сактап кала берет» деген жобонун биздин Конституциялык Соттун төрайымына тиешеси жок. Ошондуктан, ал төрайымдык кылуу укугунан баш тартууга же аны атайын түшүндүрмө менен узартып алууга тийиш. Дегинкисин мындай көрүнүш Конституциялык Соттун чечимине күмөн саноону пайда кылат. Биз буга эч жол бербешибиз керек. Себеби, чечимди бир гана Ч. Баекова кабыл албай, Конституциялык Соттун судьяларынын бардыгы чогуу кабыл алабыз. Бул мамлекеттик органдын чечими.

Судьянын каты менен таанышкан Жогорку Кеңештин депутаттары аны жайкы эс алууга чейин карабаса да, сентябрь айында талкуулашы мүмкүн. Мыйзам чыгаруу жыйынынын мындай маселелерге түздөн-түз тиешеси бар мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасы Абсамат Масалиев ал тууралуу мындайча оюн ортого салды:

- Конституциялык Соттун төрагасы он жылга шайланат. Он жыл бүткөндөн кийин ал орунду бошотууга милдеттүү. Кайыповдун жазганы абдан туура. Конституция талаптарын так сактайбыз десек, анда жазылгандардын бир тамгасын да бузбашыбыз керек. Эми бул маселени биз сентябрь айында карайбыз. Мисалы, Конституциялык Сот буга чейин президенттин кызмат мөөнөтүн узартып, Конституцияны бир жолу бузуп, ал кишиге жол ачып берген. Эми өздөрү да мыйзам бузууга барып жатышат. Ошондуктан, Марат Кайыпов айткандай, «менин кызмат мөөнөтүм бүттү, эми мага орунду бошотууга уруксат бергиле, рахмат» десе эң туура чечим болоор эле.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбековдун пикири боюнча, мындай маселенин көтөрүлүшүнө негиз жок. Анын айтуусунда, бул Конституциялык Соттун төрайымы Чолпон Баекова менен судья Марат Кайыповдун өз ара тирешүүсүнөн пайда болгон эле чатак.

- Менин оюмча, бул сөз ички, жеке мамиледе ырк кеткендиктен улам чыгып жатат окшойт, - дейт ал. - Чын-чынына келгенде буга эч кандай негиз жок. «Конституциялык Сот өндүрүшү» деген мыйзамда «Конституциялык Соттун судьялары 15 жылга шайланат» деп жазылган. Ушул эле мыйзамдын негизинде төрага жана анын орун басарлары да 15 жылга шайланат. Конституциялык Сотко байланыштуу эки мыйзамга - «Конституциялык Сот өндүрүшү» жана «Конституциялык Сот» жөнүндөгү мыйзамдарга өзгөртүү киргизилгенге чейин өз күчүндө турат. Демек, алар күчүндө тургандан кийин төраганын легитимдүүлүгү да күчүндө болот. Анан «төрагалык бийлик укугуңузду өткөрүп берип, судья болуп иштей бериңиз» деген сунуш туура эмес. Бул функционалдык милдет. Конституциянын жаңы редакциясында бул тууралуу айтылбагандан кийин жана тиешелүү мыйзамдар өзгөртүлбөгөндөн кийин «төраганын бийлик укугу легитимсиз» деп айтуу туура эмес.

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаевдин билдирүүсү боюнча, кат парламентке маалымат катары гана берилгендиктен, ал палатада карала турган маселе эмес.

- Ал президентке, парламентке маалымат иретинде жөн эле жазылган кайрылуу. Андай маселе палатанын күн тартибинде жок. Расмий түрдө эч кандай кайрылуу түшкөн жок, - деди А. Эркебаев.
XS
SM
MD
LG