Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Жалалабадда Баткен окуясында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам берилди


ЖАЛАЛАБАД. Бүгүн облустук акимчиликтен алынган маалымат боюнча, Баткен коогалаңында шейит кеткендерди эскерүү жыйынына алардын туугандары, жарадар болгондор, аскер адамдары, коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Жыйынга губернатор Жусупбек Шарипов катышып, сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө окко учкандардын көрсөткөн эрдигин даңазалап, алардын жакындары мамлекеттин камкордугунда болоорун белгиледи. Каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө өкмөттүн буйругуна ылайык 50 миң сомдон, жарадар болгон жигиттерге 20 миңден 10 миң сомго чейинки материалдык жардам көрсөтүлдү. 1999- жана 2000-жылдары Кыргызстандын Баткен аймагындагы чек арасын коргоого Жалалабад облусунан 2 миң адам катышкан. Алардын 14ү окко учуп, 13ү жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG