Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Коргоо министрлигинин делегациясы АКШга барат


БИШКЕК. 8-10-июнь аралыгында Коргоо министрлигинин полковник Ишеналы Асипов жетектеген делегациясы АКШда иш сапары менен болот. Бүгүн министрликтин басма сөз катчысы Мирбек Койлубаевден алынган маалыматка караганда, аскердик делегация Кошмо Штаттардын Флорида штатынын Тампа шаарындагы Борбордук командачылыгында болушат. Алар кыргыз жана америка аскерлери 2003-жылдын 1-жарымында биргелешип өткөргөн иш-чаралардын жыйынтыгын чыгарып, 2004-жылда аткарылчу иштердин планын түзүшөт. Кошмо Штаттардын делегациясын АКШнын Башкы командачылыгынын пландоо жана саясат департамантинин башчысынын орун басары Чип Дейл жетектеп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Коргоо министринин орун басары, полковник Олег Чечель баштаган дагы бир делегация 2-5-июнь аралыгында АКШда болуп, эки тараптуу аскердик кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келди.

XS
SM
MD
LG