Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Жаңы Зеландиянын аскерлери «Ганси» аба базасына жайгашмак болду


БИШКЕК. Өз аскерлерин «Ганси» аба базасына жайгаштырууга уруксат сураган Жаңы Зеландия өкмөтүнүн сунушун кыргыз өкмөтү 2-июнда колдоду. Ага ылайык Жаңы Зеландиянын аскерлери 1961-жылдагы Вена конвенциясынын негизинде дипломатиялык статус алып, Кыргызстандын аймагына Жаңы Зеландиянын паспорту менен кирип-чыгууга, айдоочулук күбөлүгү менен автомашина айдоого, аскердик эрежелер талап кылган учурларда жанына курал алып жүрүүгө укук алышат. Мындан тышкары, алар өлкө аймагындагы бардык салык, төлөм, жыйымдардан толук бошотулду. Жаңы Зеландиялык тарап өз учактарынын «Манас» аба майданына конуп-учканы үчүн Антимонополиялык саясат комитети аныктаган чекте акы төлөп берүүгө макулдук берди. Бирок, учактар менен автоунаалар текшерилбейт. Өкмөт аралык макулдашууда чет өлкөлүк аскерлер жергиликтүү жарандарга зыян келтирип, анысы далилденсе, адилет өлчөмдө компенсация төлөп бере тургандыгы көрсөтүлгөн. Бул келишим алты айга түзүлдү. Тараптардын бири аны токтотууну кааласа, келишимдин мөөнөтү аяктаганга 30 күн калганда бул тууралуу экинчи тарапка билдирүүгө тийиш. Мындай маалыматты бүгүн «АКИ-пресс» агенттиги таратты.

XS
SM
MD
LG