Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

КМШнын коргоо министрлери Астанада жыйын курмак болушту


БИШКЕК. 8-11-июнда Казакстандын борбору Астана шаарында Шериктеш мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, анда 30дан ашуун маселелер талкууланат. Жыйында негизинен КМШнын түштүк аймактарындагы коопсуздук тууралуу сөз болуп, ыктымал душманга каршы биргелешип күрөшүүнүн пландары аныкталат. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын коргоо министри, генерал-полковник Эсен Топоев менен Казакстандын коргоо министри, армиянын генералы Мухтар Алтынбаевдин жолугушуусу күтүлөт. Анда Казакстандын Кыргызстанга электр энергиясы үчүн карызынын бир бөлүгүн кайтаруунун жолдору такталмакчы. Эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын былтыркы жолугушуусунда Казакстан карыздын 6 млн. доллар өлчөмүндөгү бөлүгүн Кыргызстандын Коргоо министрлигине көмүр, күйүүчү май жана аскер шаарчаларына зарыл жабдуулар менен кайтарып берүү жагы макулдашылган. Кыргызстандын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Мирбек Койлубаевдин билдиргенине караганда, электр энергиясынын карызынын ордуна кайтарыла турган товарлардын арасында аскер техникасы жок.

XS
SM
MD
LG