Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:53

ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТАГЫ АКЫРКЫ АБАЛ


Нарын АЙЫП, Прага Палестина менен Израил жетекчилиги ортосунда жетишилген акыркы келишимдерге "Хамас" уюму каршы чыгып, өзүнүн Палестина өкмөтү менен болгон сүйлөшүүлөрүн 6-июнда токтотту жана автономиянын жетекчилиги аны менен оор абалга учурады.

"Жол картасы" деп аталган жана АКШ, Бириккен Улуттар, Европа Биримдиги менен Орусия тараптан даярдалган жаңы план боюнча, Палестина жетекчилиги региондогу бардык террор аракеттерин токтотууга тийиш. Бул план каршылашкан тараптарга 1-май күнү тапшырылган жана алар планга макул болгону менен, куралдуу кагылышуулар региондо дагы эле уланууда.

4-июнда болсо кошуна Йорданияда падыша Абдалла менен АКШ президенти Жорж Буштун катышуусунда Палестина менен Израилдин өкмөт башчылары Махмуд Аббас жана Ариэл Шарон жолукканда, Аббас - үч жылдан бери уланып келаткан террор аракеттерин токтотууга убада берген. Ал саммиттин алдында дагы, анын учурунда жана андан кийин дагы Аббастын кишилери араб уюмдары менен ал тууралуу сүйлөшүү жүргүзүп келген жана андай сүйлөшүүлөрдү дагы улантат. Бирок маселе - ал уюмдар өз куралдуу аракеттерин террор деп түшүнбөгөндүгүндө.

Норвегия өкмөтүнүн ортомчулугу менен Палестина жана Израил жетекчилери Осло шаарында 1993-жылы түзгөн келишим боюнча, эгемендүү Палестина мамлекети 2000-жылдын 13-сентябрынан кеч эмес түзүлүүгө тийиш болчу. Бирок ал келишимге кол койгон Израилдин премьер-министри Ицхак Рабин жөөт улутчулдары тарабынан 1995-жылы өлтүрүлгөндөн кийин, келишим аткарылбай калды жана аны кийин аткарууга аракеттенген премьер Эхуд Барак кызматынан чегинүүгө аргасыз болду. Ошондуктан араб экстремист уюмдары 2000-жылы Израилге каршы интифада баштаган, анткени, алардын пикири боюнча, кол коюлган келишимди аткарбаган өлкөнү ал келишимдин шарттарына күч менен гана макул кылдыруу мүмкүн.

Албетте, бул интифаданын аракеттеринин көпчүлүгү террорчулук, бирок эң негизги маселе - эгемендүү Палестина мамлекетин түзүү боюнча кол коюлган биринчи келишимдин аткарылбай калгандыгы. Израил тарап арабдарды - силер террорчулукту токтото албай, региондогу коопсуздукту камсыз кыла албай жатасыңар деп күнөөлөйт. Бирок ошол эле Израил басып алган араб жерлеринде улам жаңы жөөт айылдары тургузулгандыктан, палестиналыктар менен сүйлөшүү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү кыскарууда.

Ошондуктан "Хамас" уюму өз күрөшүн террор деп эсептебестен, аны улуттук-боштондук күрөш деп түшүнөт жана премьер Аббастын Израил өкмөтү алдында алып жаткан милдеттенмелерин чыккынчылык деп эсептейт. Йорданиядагы саммит учурунда "Хамастын" миңдеген жактоочулары Палестина менен кошуна Ливанда көптөгөн каршылык митинг өткөрүштү, бешинен алтысына караган түнү болсо израилдик аскерлер Йордан дарыясынын батыш жээгинде "Хамастын" эки жоокерин атып өлтүргөндөн кийин, уюм 6-июнда премьер-министр Махмуд Аббас менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдүү үзүп салды.

Тынчтык планын аткаруу максатында эми Аббас куралдуу топторду күч менен куралсыздандырууга бел байласа, Палестинада ич-ара согуш да чыгып кетиши мүмкүн. Бирок Аббастын жардамчыларынын айтымында, сүйлөшүүлөрдү кайрадан жандантуу дагы мүмкүн. Андан тышкары Палестина жетекчилиги - элдин колундагы куралды сатып алуу мүмкүнчүлүгүн дагы караштырууда.

Анткен менен тынчтык орнотууга эки тараптан тең аракет көрүлбөсө, планды аткаруу кыйын. Израил өкмөтү болсо, сунушталган пландын кээ бир беренелерине азыртан эле каршы чыгып, аларды кийин талкуулоону сунуштап жатат. Мисал үчүн план боюнча, басылып алынган араб жерлериндеги жөөт айылдары көчүрүлүп кетүүгө тийиш, жөөттөр болсо, биринчиден, бардык айылдарды эмес, алардын акыркы мезгилде тургузулгандарын гана жоюуга макул. Экинчиден, алардын айтымында, андай мыйзамсыз айылдарды жоюу үчүн алгач региондо коопсуздук орнотулуууга тийиш, бирок эки тараптан тең ар башка провокациялар болуп жатканда, мындай шарттарды аткаруу бир топ кыйын.
XS
SM
MD
LG