Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:54

КЫРГЫЗСТАНДА ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМДИН КОРКУНУЧУ КАНДАЙ?


Дүйнө коомчулугунун көңүлү Ирактагы согуш жана андан кийин аны калыбына келтирүү маселелерине бурулуп турганда, башка аймактардагы диний-экстремисттик топтор күч жыйнап алууга мүмкүнчүлүк алышты. Ушул жумада Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Ричард Армитадж менен жолугушканда ушундай билдирүү жасады. Айрым байкоочулар ушундан улам диний экстремизм коркунучу Борбордук Азияда, анын ичинде Кыргызстанда дагы күч алышы мүмкүн деген пикирде.

Кыргызстанда диний экстремизм коркунучу бар экендигин 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясы жана анын келип чыгышына түздөн-түз шыкакчы болгон «Өзбекстан ислам кыймылы» айгинелеген. Тартип коргоо органдарынын билдирүүсү боюнча, 1999-жылы Ош шаарында, 2002-жылы Бишкектин «Оберон» базарында жана быйыл Ош шаарынын «Бакай» аттуу акча алмаштыруучу жайында болгон жардыруулар да ушул жашыруун диний уюмдардын колунан келген. Өлкөнүн түштүгүндө «Хизбут-Тахрир» жашыруун диний партиясынын чакырыктары жазылган баракчаларды, диний адабияттарды тараткан адамдарды камакка алуу кадимки көрүнүшкө айланып баратат. «Хизбут-Тахрир» партиясы түндүк аймакта да баракчаларды тарата баштаганы тууралуу кабарлар кооптонууну күчөтүүдө. Ушундан улам өкмөт жазында түштүктө атайын жыйын өткөрүп, диний-экстремисттик уюмдардын коркунучу тууралуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана ага каршы күрөштү күчөтүү милдетин алдыга койгон.

Өзүн «Хизбут-Тахрир» жашыруун уюмунун мүчөсү катары тааныштырып, бирок аты-жөнүн айткысы келбеген кыргыз жигиттин пикири боюнча, бийликтин мындай коооптонуусуна эч кандай негиз жок. Анын оюна караганда, «Хизбут-Тахрир» партиясы эң гумандуу деп саналган ислам динин жайылтуу максаты менен гана түзүлгөн. Ал террордук актыларды уюштуруу же мамлекеттик түзүлүштү өзгөртүү сыяктуу ниеттен алыс.

- Акыркы күндөрү чыныгы исламий «Хизбут-Тахрир» партиясы тууралуу мамлекет жана массалык маалымат каражаттары туура эмес маалымат берип жатышат. «Хизбут-Тахрирдин» террористтик актыларга салымы тууралуу эч жерде аныкталбаган маалыматтар да берилүүдө. Ислам - чыныгы идеология, акыйкатка чакырып, жамандыктан кайтарган жалгыз система, - дейт ал.

Ал эми Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Борис Полуэктовдун айтымында, Кыргызстандагы террордук актылар жана былтыр Коопсуздук Кеңешинин катчысы Мисир Ашыркуловго кол салуу «Өзбекстан ислам кыймылынын» жана анын Кыргызстандагы өнөктөштөрүнүн колунан келген болуш керек.

- Биз мындай шектенүүнү жокко чыгарган жерибиз жок. Анткени, Ашыркулов Улуттук коопсуздук кызматына келгенде «Өзбекстан ислам кыймылына» каршы иш-чараларды күчөткөн болчубуз. Андан тышкары, Ашыркулов улуттук коопсуздук министри болуп турган кезде бул кыймылдын мүчөлөрүн кармап, Өзбекстандын бийлигине өткөрүп берген фактылар көп болгон. Биздин маалымат боюнча алар өз аракетин басаңдатмак түгүл, тескерисинче күчөтүп жатышат. Ошон үчүн биз аларга каршы күрөштө өзүбүздүн атайын кызматтардын аракетинен тышкары, жакынкы коңшуларыбыздын күчүн да колдонушубуз керек. Маселен, кыймылдын күч алышы Кытайды катуу тынчсыздантууда. Ошон үчүн бул күрөштө эми Кытай катуу аракет көрөт, - деди Борис Полуэктов.

Айрым саясатчылардын ою боюнча, диний-экстремисттик уюмдарга каршы күрөшүү үчүн эң ириде алардын каржы булагын жабыш керек. Ошондон улам азыр депутаттардын бир тобу диний уюмдарды каржылоого тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун даярдай башташты. Бирок, Борис Полуэктовдун ою боюнча, андан эч майнап чыкпайт.

- Азыр байланыш каражаттары, мүмкүнчүлүктөр көп. Маселен, «Вестерн юнион» сыяктуу системалар аркылуу ар бир жаран каалаган өлкөдөн, каалаган суммадагы акчаны ала алат. Анын үстүнө ал акча эч бир жерде катталбайт жана андан эч кандай салык алынбайт. Алар мына ушундай жол менен эле каржыланып жатат, - дейт ал.

Ал эми айрым байкоочулардун көз карашы боюнча, «Хизбут-Тахрир» Кыргызстанда коркунучтуу деле эмес, анткени, аны жактагандар жокко эсе. Эгер ошол уюмга чындап киргендер болсо, аларды камап, куугунтуктабай, тескерисинче, ачык эле пикирлешүү, мүдөөсүн угуу, абалды түшүндүрүү жолу менен кырдаалды жөнгө салыш керек. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Өмүрзак Мамаюсупов болсо бул ишке ашпай турган тилек экендигин мындайча түшүндүрдү:

- «Хизбут-Тахрирдин» усулдамасы жашыруун иштөөгө негизделген. Аны алар эч качан өзгөртпөйт жана эч качан ачык иштешпейт. Мен эки жылдан бери булардын бүт китептерин, араб өлкөлөрүндөгү бардык маалыматтарды окуп чыгып, жашыруун гана иштей тургандыгына ынандым. Себеби, ачыкка чыгып иштесе эч ким колдобой тургандыгын алар жакшы билишет. Жашыруун иштесе кызыккандар көп болот экен да. Ошондуктан алар жашыруун иштөө ыкмасын колдонушат. Алар менен ачык сүйлөшпөйбүз деген эч ким жок. Келгенде «бул биздин жаран эмес» деп, кабыл албай койгон учурларыбыз жок. Чет өлкөлүк болсо да биз менен келип пикир алыша алат.

Анткен менен «Өзбекстан ислам кыймылынын» коркунучу Кыргызстан гана эмес, жалпы Борбордук Азия чөлкөмү үчүн күчтүү. Аны күнүмдүк окуялар менен жалпы кырдаалды иликтеген саясатчылардын серептери айгинелейт. Ал эми кээ бир жеке жагдайларына байланыштуу «Азаттык» радиосуна интервью бергиси келбеген бир серепчинин пикири боюнча, азыр бул уюм Кыргызстандын кылмыштуу топтору менен алака түзүп, мамлекеттик кызмат адамдарын да өзүнө тартуу аракетине өтө баштады. Анын оюна караганда, ушундан улам «айрым саясий күчтөр алдыдагы парламенттик, президенттик шайлоодо кыймылдын өкүлдөрүн пайдаланышы мүмкүн» деген көз караш да пайда болууда.
XS
SM
MD
LG