Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:53

АК ТАҢДАЙ КОРГООЛ АКЫН


Көчкөн Сактанов, Бишкек Бул өтөөр-кетээр дүйнөдө талант даарыган эчен даанышмандар өткөн го. Аалам бийиктигинен туруп акыл калчап, ыйы менен сыры бүтпөс бул өмүрдүн күнгөйү менен тескейин ырга салып, кечээ эле жашап өткөн ошол бабалар, биз үчүн бүгүн «болгон экен» аталып, жашоонун эске барагындай эбак жабылып, өткөн доордун өчпөс элесине айланып барат. Алардын бири - айтылуу Коргоол акын.

Кыргыз табиятында чындыкты чычалата бетке айтып, эчендердин кур намысын козгогон Мидин Алыбаев болсо, ак таңдай төкмө акындардын арасында Досу уулу Коргоол болгон. Совет доорундагы кыргыздын алгачкы ак таңдай ырчылары туптумалак билимсиз болгону менен, дүйнө-өмүр жөнүндөгү не бир философиялык, классикалык насаатчыл терме ырларын калтырып кетишкен. Коргоолдун карылык жөнүндө ыры:

Бел менен бутум бүгүлдү,
Берметтей тишим күбүлдү.
Каран калгыр карылык
Каратып бузду түрүмдү.

Акыл кетип, баш калды,
Агарып башта чач калды.
Аалгасы калып, тээк калды,
Кашка тиш түшүп, ээк калды.
Кемирейген чагымда,
Мага, келин-кыз кайдан кеп салды?

Кардай чачым ак болду,
Кайран өмүр сап болду.
Карышкыр көргөн эшектей
Карыганда жаның сак болду.
Агылып ашы кечинде
«Алжыган Коргоол, тим тур» деп,
Аялым койгон ат болду.

Бетимди сакал түк басты,
Белимден кубат-күч качты.
Мөңкүгөн менен түшпөгөн
Мага бир мүйүздүү балээ учкашты.


Кыргыз маданиятында төкмө акындын өнөрү өзгөчө орунду ээлейт. Бул өзүнчө эле бир Кудурет тартуулаган улуу талант десе болот. Кээ бир жазма акындар өзүнүн боор этинен чыккан ырын эл алдында эжелеп араң окуса, кээлерибиз жазып берген докладды жөндөп окуй албайбыз. Ал эми ошол эле Токтогул, Жеңижок, Осмонкул жана Коргоол сыяктуу ак таңдай ырчылар айтайын деген оюн турган жеринде мөндүрдөй төгүп, ар бир сөзүн эле эмес, үтүр, чекитине чейин жаңылбай шаңшыганда, бул өнөргө тан бербей коё албайсың. Кыргызстанда туруп, Кыргызстанда чоңоюп-чочойгон кээ бир арзан баа атка минерлер өзүнөн жогорку бийликтегиге башын жерге жеткире жүгүнүп, ал эми артисттерге ат үстүнөн мамиле кылып, анык «кыргызбайлык» кылса, Тажикстанда чоңоюп, Өзбекстанда иштеп келген Исхак Раззаков искусство адамдарына, айрыкча төкмө акындарга өзгөчө маани берчү экен. Коргоолду көрүп, анын кешигин ичип калган кыргыз эл акыны Тууганбай Абдиев Коргоол акындын Раззаковго жолукканын анын өз оозунан мындайча укканы бар:

- «Элүү бирби, элүү экинчи жылдар бекен, «Раззаков деген чоң келди» деп калышты» дейт. «Хлор заводунда жолугушуу болот экен дегенинен, көрүнсө учурашып калайын деп эшегимди минип жөнөп калдым» дейт. «Баратсам алдымдан Раззаков өзү чыкты, артында Алтымышбаев деген райкомдун биринчи секретары жүрөт» дейт. «Анан эшектен түшө калып эле алдын алып комуз чертсем тиги Алтымышбаев деген неме «Жогол!» дегендей кол шилтеди» дейт. «Болбой эле ырдап чыктым» дейт.
«Жол бөгөгөн жолборско
Жолукпай өтсөм болбос го.
Карап турган жолборско
Кайрылбай өтсөм болбоско, - деп ырдап келатсам Раззаков мени карай басып, «Коргоол аксакал сизсизби?» деди» дейт. ««Менмин» - дедим» дейт. «Мени менен кадимкидей кош колдоп учурашты» дейт. ««Коргоол аксакал, Токтогул менен Эшманбеттин айтышын билесизби? – деди» дейт. ««Билем» деп эле чөгөлөй түшүп ырдап кирдим» дейт. «Мен ырдап атканда Раззаковго бир отургуч алып келип кое салып, а тиги райком көк ташка отуруп калды» дейт. ««Кыскараак эле ырдайын» деп, бирок узагыраак создум» дейт, тиги райкомдун көчүгү тоңсун деп.


- Эми Туке, Токтогулдун Коргоолго болгон каргышы жөнүндө кандай кабарыңыз бар?

- «Айтмырза деген аш берген» дейт. «Ашка мен да, Токтогул да барып калдык» дейт. «Ошондо курбу-курдаштар «Токтогул менен айтыш» деп атпайбы. « Атам менен кантип айтышам» десем, «анда мынабу арактан кичине ичип ал» дегендеринен эки чыны согуп алып, айтышууга эми өзүм чыгып, айтып турган чагым:

Айтмырзанын ашы деп,
Айттырса кабар дайындап,
Кечигип келдиң бул ашка
Кез келген жерде дагы ырдап.
Кардың тойбой жүрдүбү,
Токо, катындарга айылдап?

Түрмөдөн келсең уулуң жок,
Айтышарга муунуң жок.
Түрмөдөн келсең балаң жок
Какбаш айтышарга чамаң жок.

Сөөк аңдыган итке окшоп,
Аштан-тойдон калбайсың.
Берешен-мартты жандайсың,
Балаң Коргоол мен менен
Айтышууга кандайсың? – дедим» дейт.

«Анда Токтогулдун айтып турган жери:

«Уксун, көрүм, кулагың,
Уксун деп айтып турамын.
Ажаатыңды айтпасам,
Абийириңди чачпасам
Асты канбас кумарым.

Кой короого төрөгөн
Коргоолго кошуп бөлөгөн
Куйруктан гана берерде
Кудай бир көзүңдү өөнөгөн.
Эптеп багып алалбай
Эшеке жетсин убалың!

Түбүндө начар ат минсең,
Түз жерде аның мал болот.
Арышын керип басалбай,
Акканы кара тер болот.
Атасына асылган,
Сендей айгыр көз акмак көр болот!

Тоону карай өр болот,
Тобоосун билбей асылган,
Сендей торпок көз айгыр көр болот!

Эңиштүү жерде эр болот,
Ээсин билбей асылган
Сендей эшек көз акмак көр болот! - деп Токтогул ырдаса эл дуу күлөт, мен ырдасам унчукпайт» дейт. «Атты башка бир чаап качып жөнөдүм» дейт. «Эрте менен эрте келсем Токоң Ниязалы, Жеңижок менен отурган экен» дейт. «Эмне кылышымды билбей, биртке тыйыным бар эле ага берейин деп кечирим сурасам: «Ээ балам, сенин тыйыныңды алып эмне кылам? Үй-жай күтүп калгансың, өзүңө керек. Ал өзүңө эле буйрусун. Ээ, балам аарчыган пыяздай бол, мүрзөдөн чыккан куу баштай бол, айткан сөзүң алты урууга жетпесин, айылдан ары өтпөсүн, аш-той сага буюрбай, сарттардын куураган чайханасында ырдап кал. Оомийин Аллоо акбар!» деп тетири бата берди. Ошондон кийин сарттын чайханасында ырдап калбадымбы» деп жашып кетчү.
XS
SM
MD
LG