Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:15

СОРОСТУН БИЛДИРҮҮСҮ, ТАНАЕВДИН УТУШУ, АЙДЫН ИДИЛДИН БААСЫ


Жыргалбек Касаболотов, Бишкек http://gdb.rferl.org/78321B01-4145-4CF3-AD69-8B197B84AB35_w203.jpg Белгилүү финансист Жорж Соростун Кыргызстанга келиши, премьер-министр Николай Танаевдин Тажикстанда болгон иш сапарынын жыйынтыктары, анын соттон “Моя столица” гезитин жана пенсионер Михаил Корсунскийди утуп чыгышы, Казакстандан кыргыз, өзбек жана тажик жарандарынын депортацияланышы сыяктуу окуялар коомчулуктун кызыгуусун жаратты.

Бул аптада Кыргызстанга АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Линн Паско, белгилүү финансист Жорж Сорос, «Freedom House» фондунун аткаруучу директору Жениффер Уинсдор жана башкалар келишти. “Кыргыз өкмөтү коррупцияланганы аз келгенсип, натыйжасыз иштеп жатканын” айтып чыккан Жорж Соростун билдирүүсү, Линн Пасконун Ош облусунда болуп, кыргыз-өзбек чек арасындагы жагдайга кызыкканы бир катар саясат иликтөөчүлөрдүн көңүл борборунда болду.

Кыргызстандан болсо жуманын башында премьер-министр Николай Танаев Тажикстанга барып, бир катар соода-экономикалык маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келди. Алардын ичинен стратегиялык мааниге ээ болгондорун атасак, бир катар алдын-ала макулдашууларга ылайык Кыргызстан тажик тараптын Кытайга каттоосуна, Тажикстан Кыргызстандын Ооганстанга каттоосуна жол ачат. Ошентсе да бардык эле кошуналар менен мамиле ойдогудай өнүгүп атат деген туура болбос. Башкасын айтпаган күндө да, Казакстан Алматыдагы 140ка жакын өзбек, тажик жана кыргыз мигранттарын Кыргызстанга депортациялаганы ушундай бүтүмгө негиз берет.

Бул аптада Бишкектин Ленин райондук соту премьер-министр Николай Танаевдин «Моя столица» гезитине жана пенсионер Михаил Корсунскийге каршы берген доо арызын кароону улантып, өкмөт башчысынын пайдасына чечим чыгарды. Ага ылайык Николай Танаевге редакция 500 миң сом, пенсионер М. Корсунский 5 миң сом айыппул төлөмөк болду. «Моя столица» гезитинин 2-апрелде жарык көргөн санында Михаил Корсунскийдин «Селейменин дарысы - сот» деген макаласы жарыяланып, анда Социалдык фонддогу абал тууралуу маалымат берилген.

Ушундай окуялардын фонунда Венада Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун туруктуу кеңешинде уюмдун Кыргызстандагы элчиси Айдын Идил 2002-жылдын ноябрь айынан берки жасалган иштер боюнча отчет берди. Айдын Идил президент Аскар Акаев баш болгон Кыргызстандын жетекчилигинин өлкөдө демократияны өнүктүрүү боюнча иштерин жогору баалады.

Бирок кийинки жылдары ЕККУнун Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнө карата жарандык коомдун өкүлдөрү тарабынан ар кандай сын пикирлер айтыла баштаганы байкалат. Мисалы, «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун президенти Төлөкан Исмаилова Кыргызстандын Ички иштер министрлигин колдоо боюнча ЕККУнун 7 пункттан турган долбоорунун акыркы эки пунктун сынга алды. Төлөкан Исмаилованын айтымында, «кыргыз милициясынын райондук жана жергиликтүү бөлүмдөрүнө жардам берүү, коомдук чыр-чатактардын жана башаламандыктардын алдын алууга көмөк көрсөтүү» деген негиз менен ЕККУ бийликке митингдерди, демонстрацияларды жана нааразылык акцияларын басууга жардамдашууда. ЕККУнун кыргыз милициясын колдоо боюнча 3 млн. 830 миң евро өлчөмүндөгү долбоору 19-майда Венада жактырылган.

Ал арада Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары кыргыз өкмөтүнүн Агахан фонду менен түзүлгөн келишимин ратификациялап беришти. Ратификациялоо маселеси палатада биротоло чечилгенге чейин бул долбоор нечендеген кайчы пикирлерди жаратты. Себеби, макулдашууга ылайык фонддун ишканаларынан жана мекемелеринен 7 жыл бою эч кандай салык алынбайт. Фондго тиешелүү автомашина эч жерде токтотулуп, текшерүүгө алынбайт. Кызматкерлери кол тийгис иммунитетке ээ, алар эч кандай шартта соттолбойт. Мындай шартта Агахан фонду чындап эле Кыргызстандын экономикасына ушул жеңилдиктерге татый турган салым кошо алабы-жокпу, аны мезгил көрсөтмөкчү.

Антсе да Кыргызстанга айныксыз пайда тийгизе турган долбоорлорго да кол коюлуп жатканын айта кетүү парз. Атап айтканда, Ислам Өнүктүрүү Фонду Тараз-Талас-Суусамыр автожолун оңдоого 9 млн. доллар бөлмөк болду. Бул жол оңдолсо, Талас менен Бишкектин аралыгы 90 чакырымга кыскарат.

Жалпы жонунан Кыргызстандын экономикасындагы абал бир өңчөй эмес. Быйылкы жазгы айдап-себүү жумуштары бир айга кечигип атат. 157 миң гектар жерге себилчү буудайдын азыр 135 миңи, 75 миң миң гектар жерге айдалчу жүгөрүнүн 61 миңи, 5 миң гектар жерге айдалчу тамекинин 1 миң 700 гектар жери айдалып, себилди. 85 миң гектар жерге себилчү картошканын 80 миң гектары, 49 миң гектарга айдалчу жашылчанын 38 миңи отургузулду. Быйыл өткөн жылдарга салыштырмалуу пахта 2 миң гектар жерге көп айдалат деген маалымат бар. Анын жыйынтыгы күзүндө билинет.

XS
SM
MD
LG