Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:33

Ислам дини өзөктүк куралдарды колдонууга тыю салат


Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Камал Харрази өлкө парламентинин бүгүнкү отурумунда билдирди. Ал белгилегендей, атомдук, химиялык же биологиялык куралдарды колдонуу – кыянатчылык жана ислам дини ага тыюу салат. Иран парламентинин бүгүнкү отурумунда өлкөнүн атомдук программаларына карата эл аралык коомчулукта түзүлгөн маанай талкууланды. Камал Харрази өз сөзүндө Орусиянын жардамы менен өнүктүрүп жаткан атом энергетикалык программалары үчүн Иранга кысым көргөзүү пайдасыз иш экенин кошумчалады. Анын айтымында, Ирандын коопсуздук доктринасы өзөктүк куралдарга негизделген эмес жана өзөктүк жайлар тынчтык максатта гана колдонулат. АКШ Иранды өзөктүк куралдар программасын жашыруун жагдайда өнүктүрүп жатканы үчүн айыптоодо. Учурда Тегеранда МАГАТЭ уюмунун үч инспектору жүрөт. Алар өз ишине алдыдагы эки-үч күндүн ичинде киришмекчи.

XS
SM
MD
LG