Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:57

Жакынкы Чыгыштагы соңку кол салуулар тынчтык жараянына жолто болбошу керек


Бул тууралуу АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс билдирди. К.Райстын айтымында, Вашингтон палестин өкмөт башчысы Махмуд Аббасты бекем колдойт жана бүгүнкү кол салууларга карабай Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу жараяны токтобошу, Израил менен Палестина өткөн аптадагы саммитте жетишилген макулдашууларды аткаруунун үстүндө иштеш керек. Анда палестин премьер Махмуд Аббас террордук чабуулдарды токтотууну, ал эми Израилдин премьери Ариэль Шарон палестин аймактарындагы жөөт конуштарын жоюуну убада кылган.
Израил менен Палестинанын чек арасындагы Эрец деген көзөмөл бекетте болгон бүгүнкү кагылыштан кеминде төрт жөөт жоокери, жана үч палестин согушкери мерт болду. Маалыматтарга караганда,көзөмөл бекетинде турган жөөт жоокерлерин көздөй палестин согушкерлери озунуп ок чыгарган. Атышуу учурунда ошол айланада жүргөн жөөтөр менен палестиндердин бир нечеси жаракат алды. Бул кол салуу үчүн палестиндердин "Хамас", "Фатх" жана "Исламчыл Жихад" уюмдары жоопкер болду. Жаңы террордук чабуулдардан кооптонгон Израил армиясы палестин аймактарында коопсуздук чараларын кайрадан күчөттү.

XS
SM
MD
LG