Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:54

ПОЛЬШАЛЫКТАР ЕВРОБИРИМДИККЕ КОШУЛУУ СУНУШУН КОЛДОБОСО, МАСЕЛЕ ӨЛКӨ ПАРЛАМЕНТИНДЕ КАРАЛАТ


Бакыт Аманбаев, Прага Польшада эки күндөн бери Европа Биримдигине кирүү маселеси боюнча жалпы элдик референдум өтүүдө. Чет элдик байкоочулар биринчи күнү-жетинчи июнда өткөн добуш берүүгө шайлоочулар аз катышкандыгын маалымдашты. Мындай көрүнүш өз мезгилинде, польшанын расмий бийлигинин кооптонуусун жаратууда.

Эки күндөн бери Польшада Еропа Биримдигине кирүү маселеси боюнча жалпы элдик референдум өткөрүлүүдө. Добуш берүү ишембиде башталган жана жекшемби күнкү кечки саат сегизде соңуна чыгат. Польшада 29 миллион 600 миң шайлоочу бар. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, биринчи күнкү добуш берүүгө мына ошол 29 миллион 600 миң шайлоочунун араң эле беш миллиондон бир аз ашыгыраагы катышты. Өлкөнүн баш мыйзамына ылайык, жекшемби күнкү добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын 50% көбүрөөгү катышса гана, референдум ийгиликтүү өттү деп эсептелет.

Бирок ошондой болсо да Польшанын жогорку бийлик өкүлдөрү польшалыктар Европа Биримдигине кирүү идеясын колдоп берет деген ишениште. Рефрендумга чейин жүргүзүлгөн социологиялык иликтөөлөргө караганда, польшалыктардын көпчүлүгү биримдикке кирүү маселесин жактырышат.
Референдумду ийгиликтүү өткөрүү максатында Польша өкмөтү өнөктүккө 22 миллион доллардан ашуун каражат жумшады. Үгүт жүргүзүүгө Еропа Биримдигине кирген өлкөлөрдөгү бир катар белгилүү саясатчылар чакырылып, Польшанын улуттук теле берүүлөрүнөн референдумга коюлган маселенин пайдалуулугу туурасында өз пикирлерин айтышты.

Маселен, улуту поляк Рим Папасы Иоанн Павел II референдумдун алдында өз улутташтарына кайрылып, аларды Европа Биримдигине кирүү маселесин колдоого үндөдү. Айтор, байкоочулардын пикиринде, шайлоо компаниясы жеткиликтүү деңгээлде уюштурулду.

Мындан сырткары эгерде, референдумга жалпы шайлоочулардын 50 % катышпай турган болсо, маселе оң чечилбей калды деп айтууга болбойт. Анткени андай болгон учурда, бул маселе Польшанынын парламентинде дагы бир жолу каралат да, жалпы депуттардын үчтөн экиси колдоп добуш берсе, өлкөнүн биримдикке кирүү маселеси оң чечилет.

Ал эми Польшанын президенти Александр Квасневский референдум өз максатына жетет деген пикирде:

- Менин оюмча, шайлоочулар маселенин маанисин жакшы түшүнүшөт. Бул жакынкы бир эки жылдык эмес, бул-көп жылдык, келечектүү жана Польшанын келечеги үчүн маанилүү чечим. Ошондуктан мен жакшы жыйынтыктык күтүүдөмүн жана мен оптимисмин.

Польшада коммунистик башкаруу 1989-жылы кулатылып, 1999-жылы НАТО го мүчө болуп кабыл алынган. Ошондой эле Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн жетекчилери мындан бир нече ай илгери, тогуз өлкө менен катар Польшаны да 2004-жылга чейин Европа Биримдигине кошуп алуу тууралуу чечим кабыл алган. Буга чейин Европа Биримдигине кирүү маселеси боюнча Словения, Венгрия, Мальта, Литва жана Словакияда элдик референдум ийгиликтүү өткөрүлдү. Ал эми калган өлкөлөрдө мындай иш чаралар үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин өткөрүлүшү болжолдонууда. Бардык он өлкөдө тең референдум жыйынтыкталгандан кийин бул маселе кайрадан Европа Биримдигинин парламентине каралат. Эгерде, маселе он чечилсе, он өлкө биримдикке толук мүчө болуп кабыл алынат.
XS
SM
MD
LG