Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Рим Папасы хорваттарды үй-бүлөнү коргоп калууга үндөдү


Иоанн Павел кечээ Хорватиянын Рижека шаарында таат окуганда мындай деди:

- Бүгүн Хорватияда үй-бүлө атайын көңүл бурууга, туруктуулукка жана өнүгүүгө огожо болуучу ачык-айкын чараларга муктаж.

Иоанн Павелдин беш күндүк визитинин төртүнчү күнүндөгү таатка 100 миңден ашык киши чогулду. Бул - Рим Папасынын 100чү жолу чет өлкөгө чыгышы.
1992-95-жылдары серб-хорват жаңжалында катуу талкаланган Осижек шаарында ал ишемби күнү 200 миң кишинин алдында таат окуп, элдешүүгө чакырган эле. Чогулгандардын көбү коңшулаш Босния, Сербия, Черногориеден келгендер болду.
Рим Папасы бүгүн Адриатика деңизинин жээгиндеги Задар шаарында болуп, ушул эле күнү Римге кайтып кетет.


Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG