Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:46

Первез Мушарраф Пакистандын «талибандашуусуна» каршы


Пакистандын президенти «коңшулаш Ооганстанды беш жыл бийлеген фундаменталисттик талиптердикиндей тартипке бизде орун жок» деп билдирди.
Мамлекеттик "Пакистан" сыналгысынын кабарына ылайык, Лахор шаарында адвокаттар менен жолукканда Мушарраф жарандар Пакистанды "байыстуу, исламдык, жана демократиялуу өлкөгө" айлантышы керек деди.
Пакистандын Түндүк-Батыш Чегара провинциясында исламчылар өткөн аптада шариятка негизделген мыйзамды кабыл алышты. Алар жактырган кылмыш кодексин иликтеген байкоочулар анын Ооганстанда талиптер орноткон тартипти эске салаарын айтышууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG