Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:53

Чеченстанда согуш аракеттери уланууда


Өткөн түндөн бери жумуриятта козголоңчулар менен кагылышууларда, ок атышууда жана мина жарылып, кеминде тогуз орус аскери окко учту. Жараат алгандардын саны 18ге чыкты.
Чеченстандын Маскөөнү жактаган администрациясынын бир өкүлү атын атабоону өтүнүп, төрт аскер орусиялык армиянын позицияларына кол салууда, үчөө куралдуу кагылышууда, экөө согуштук техника минадан жарылганда набыт болгонун билдирди. Анын айтымында, федералдык аскерлер жана чечен полициясы Аргун шаарын курчоого алып, элди ары-бери өткөрбөй жатышат.
Жумурияттын түштүгүндө жума, ишемби күндөрү катуу кармаш болуп, эки тараптан жана карапайым элдин арасынан аз дегенде 20 киши курман болгон эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG