Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:29

УНИВЕРСИТЕТТЕР АССОЦИАЦИЯСЫ: КИМДЕР АГА МҮЧӨ БОЛУП КИРЕТ?


Жогорку билим берүүнү жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүү, анын орчун проблемаларын арай көз чарай отуруп биргелешип чечүү аракети тууралуу дүйшөмбүдө Бишкекте ачылган 2-регионалдык симпозиумда кеп болууда. Үч күнгө созулчу иш-чарага бир катар эларалык уюмдар, постсоветтик Борбор Азия республикаларынын билим берүү министрлик, жогорку окуу жайлардын жетекчилери катышууда. Жыйын эларалык ЮНЕСКО уюмунун көмөгү аркасында өтүүдө.

Постсоветтик Борбор Азия жана Орусия федерациясынын жогорку билим тармагынын жетекчилеринин биринчи жыйыны 2002-жылдын сентябрында Алматы калаасында өткөн. Бишкектеги жыйынга ЮНЕСКОнун регионалдык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери, Борбор Азия республикалары менен Орусиянын билим берүү министрликтеринин жооптуу кызматкерлери, университет жетекчилери катышууда. Жыйындын маани-максаты тууралуу айтып берүүсүн өтүнүп, Кыргызстандын эларалык университетинин ректору академик Асылбек Айдаралиевге микрофон сундук:

«Билим системасы бардык жерде бирдей болушу керек, - дейт Асылбек Айдаралиев. – Мына, Европанын жогорку билим системасы Болон келишимине ылайык бир стандартка өтүп атат. Ал процесстен башка өлкөлөр да четте калбай, биринчилерден болуп биздин Кыргызстандан эларалык университет кошулду. ЮНЕСКО ушу тапта бул маселеге өзгөчө маани берип, баарын бир стандартка, бирдей талапка өткөрүү аракетин жасап жатат. Азия, Тынч океан чөлкөмү боюнча ЮНЕСКОнун офиси менен Кыргызстан эларалык университети биргелешип иштеп мына ушул симпозиумду өткөрүп жатабыз. Чыңгыз Айтматов агабыз чыгып сүйлөдү. Дискуссиялардан кийин бир пикирге келишибиз керек: кайсы өлкөнүн билим берүү системасы кандай, биз алардан эмнелерди алабыз? Биз баарыбыз өз алдыбызча баратабыз, эми аларды жакындатышыбыз керек. Борбор Азия университеттеринин ассоциациясын түзөлү деген сунуш болууда. ЮНЕСКО бизге бул жагынан да жардам көрсөтүүдө».

Казакстандын Билим жана илим министрлигинин кесиптик билим башкармалыгынын жетекчиси Габит Кусаинов Борбор Азия республикаларынын университеттер ассоциациясына аймактагы жогорку окуу жайлардын түгөл баарын кабыл алуу керек деген пикирде.

«Ага Орто Азиянын бардык университеттери кирүү керек, – дейт Габит мырза. – Бул бардыгыбызга орток иш. Ал бизге үлгү, анан да университеттер үчүн жалпы стандарт болушу керек. Мына ошол эларалык стандартка жетиш үчүн, аны бекем калыптандырыш үчүн университеттердин ассоциациясы болушу зарыл, деп эсептейм».

Кыргызстан архитектура жана курулуш университетинин ректору Жумабек Тентиевдин айтымында, «реформаны жакшы жасамайынча күчтүү университет болуш кыйын. Мына, бүгүнкү жыйынга эларалык уюмдар, Орусиянын өкүлдөрү катышууда. Жогорку окуу жайларынын реформасы менен бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштурууну байланыштырып жатышат. Аны мен туура эмес деп ойлойм. Жогорку билим менен жумушка орноштурууну эки башка караш керек», – дейт Жумабек Тентиев.

Нарын мамлекеттик университетинин ректору Алмазбек Акматалиевдин пикирин угалы: «Ассоциация деген эмне? Мен, мисалы, ассоциацияга жалаң тандалма университеттер кирсин дегенге макул эмесмин. Ассоциациянын максаты эмне, ага эмне үчүн киришет? Бири-биринен үйрөнүш үчүн киришет да. Ассоциация бул тандалма университеттердин клубу эмес. Ага ассоциациянын талабын туура көргөн университеттер кире бериши керек. Эгер шарттары оң келсе мына биз, Нарын университети киребиз. Максатыбыз эмне? Үйрөнөлү деп атабыз. Тажикстандын, Өзбекстандын университеттеринин жакшы тажрыйбалары бар, өзүбүздөгү университеттерде да үйрөнчү тажрыйбасы көп. Кайсы университет жакшы, кайсы университет жаман, деген суроо бүгүнкү Кыргызстандын шартында философиялык суроо».

Постсоветтик республикалардын дээрлик баарына мүнөздүү көрүнүш - жогорку окуу жайларынын жаандан кийинки козу карындай көбөйгөнү, жогорку билим жаатында саман-топону аралаш, сапатка маани берилбей калганы, юрист менен экономикалык адистердин оголе көп чыгарылганы, дипломдуу адистердин ишсиз отурушу, жогорку окуу жайлардын окутуучуларынын жарыбаган маянасы...
Бул көйгөйлөр тармактын алдына олуттуу проблемаларды койду. Жогорку окуу жайлары андан жарнакташып чыгуу амалын издешүүдө.
XS
SM
MD
LG