Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:17

Жалалабад облусунда бейөкмөт уюмдар чек ара проблемасын талкуулады


ЖАЛАЛАБАД. Улуу Британиянын демократияны колдоочу «Вестминстер» корунун облустагы тынчтык орнотуу тобу уюштурган семинар-форумга облустун Өзбекстан менен чектешкен Алабука, Аксы, Ноокен, Базаркоргон, Сузак райондорундагы бейөкмөт уюмдардын, студенттик кошуундардын мүчөлөрү катышты. Алар Өзбекстандык чек ара жана бажы постторунун мыйзамсыз аракеттеринин айынан карапайым атуулдар жабыркап, аларды кордогондор жазасыз калып жаткандыгын, чек ара кыштагындагыларга мыйзамды эч ким түшүндүрбөй, ал жерде уурулук күчөгөндүгүн, маалыматтан артта калышаарын айтып өтүштү. Чек ара чатагын болтурбоо үчүн чек ара жана бажы мекемелери менен жергиликтүү бийликтин, калктын, ошондой эле эларалык уюмдардын аткаруучу милдеттери аныкталды.

XS
SM
MD
LG